|
Сөзү : Зайырбек Ажыматов
Обону : Элмирбек Иманалиев
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлүң бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы сенин кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Солуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Сөзү : Абай Базаркуловдуку
Обону : Женгиз Мырзакуловдуку
Сөзү : С. Айбашовдуку
Обону : С. Айбашовдуку
Сөзү : Ж. Камбаралиеваныкы
Обону : Румын элиники
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сүйүү-бул бирөөгө жалган,
Бирөөнү жалынга салган
Кандай табышмак?
Ойго салат...
Сүйүүгө ишенген жан бар,
Кезигет адашкан жандар...
Күтүп зарыга
Үмүткө багына
Сүйүү бар сүйсөң ишене!
Адашуу жолун издебей
Азабын тартат түбөлүк
Махабат баркын билбеген
Колдору кармашып бирге,
Бактылуу күндөрдү кечкен
Жандар аз эмес
Азап чекпей...
А көзүнөн кулаган жаштар,
Кусадан өңүнөн азган
Бар го далайлар
Кантип айыгат?
Адам болбойт сүйүү жолдон жаңылбас.
Жашоо керек сынбай...
Өткөн күнүң кайра артка кайрылбайт
Сактоо керек бузбай...
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Күн дейинби сени күндөйүм,
Гүл дейинби кызыл гүлдөйүм.
Баары, баары сага жарашат,
Эмне дейин айтчы ким дейин?
Күнүм десең жарык чачайын,
Гүлүм десең гүлдөп ачайын.
Эркелетсең мейли эмне деп,
Эркең болуп сенин жашайын.
Кайырма; Жаныңда жаным,
Сенин болоюн.
Багына бактым,
Барып коноюн.
Тыңшачы жаным,
Ортобуздагы.
Жаңырып жаткан,
Сүйүү обонун.
Ай дейинби сени айдайым,
Асел дейим ширин балдайым.
Аруузатым арзуу сезимди,
Ак сүйүүмдү сага арнайын.
Айым десең түндө төлөйүн,
Асманыңа бийик коноюн.
Жол көрсөтүп сага түндөсү,
Жарыгың мен сенин болоюн.
Кайырма;
Сөзү : Тимур Сариевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Марклендики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Арманымды кимге айтам,
Табалбайм айла.
Жүрөгүм бар сүйүп калган,
Өзүңдү гана.
Жаным эргип сүйүп турам,
Айта албайм сага.
Гүлүм болчу гүлдөп турган,
Сүйүү багымда.
Өмүр бою болсоң деймин жанымда.
Кайырма:
Жок, жок, жок дебе сен мага,
Жүрөктү эзип сыздатпа.
Арманга толгон,
Жан дүйнөмдү кыйнаба.
Жок, жок, жок дебе сен мага,
Жанымды эзип сыздатпа.
Арманга толгон жан дүйнөмдү кыйнаба
Сага айталбай күндөр узап,
Кучагын жайып.
Сезимдерим алып учат,
Сени кызганып.
Ойго батып сыздай бербей,
Жазамын сага.
Кези келсе кыйнай бербей,
Макул де мага.
Эки жүрөк бирге болсун дайыма
Кайырма:
Сөзү : Альжан Нурлыбектики
Обону : Адилет Азимовдуку
Сөзү : Ильяз Кудретовдуку
Обону : Шахбоз Насыржановдуку
Караганында сени карабадымбы
Сураганында же мен унчукпадымбы
Сенин жанында болумун дебидимби
Мейли мейли, мейли ,мейли деп жаным чыдадымбы
Кел келегой жанымда бол
Жок дебегин жарым өзүң бол
Тарынычыңдын эч чеги жок
Келбеймин дебе жок жок жок
————//КАЙЫРМА//———————-
Лола оюмда сенсин
Лола жүрөккө демсиң
Лола махабытымсың
Дилимдесиң лола
Лола оюмда сенсин
Лола жүрөккө демсиң
Лола гүлүндөй өзүң
Лола Лола Лола
——————//————————
Инстаграмдан лайктарды басасынбы
Байкатпай дайректке жазасынбы
Мен дегенде от болуп жанасынбы
Кайра кайра кайра кайра сен бийге тартасынбы
Кел келегой жанымда бол
Жок дебегин жарым өзүң бол
Тарынчыңдын эч чеги жок
Келбеймин дебе жок жок жок
Сөзү : Т.Абдиевдики
Обону : С. Бейшекеевдики
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаевдики
|