УЛУТТУК ОНКОЛОГИЯ БОРБОРУ АКЧА ТАБУУЧУ ЖАЙБЫ?

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж


Редакциябызга жардам сурап, кайсы бир маселелер боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөн каттар көп түшөт. Аларга колдон келишинче көңүл буруп, окурмандардын суроолоруна жооп алып берип, гезитибиз алкыштарга да арзып келет. Бизге келген каттардын арасынан Улуттук онкология борборундагы медициналык аппараттын жетишсиздигин айтып кайрылган айымдын өтүнүчү боюнча аталган борборго жөнөдүк.

ЖАЛГЫЗ «АГАТ-В» АППАРАТЫ 1 ЖЫЛДАН БЕРИ БУЗУК
Улуттук онкология борбору өлкөбүздөгү рак оорусу менен жабыркап келген жарандарды кабыл алган жалгыз мекеме. Өлкөнүн ар бурчунан медициналык жолдомо менен ооруларын аныктоо жана дарылануу үчүн ушул борбордун босогосун атташат. Акыркы учурда залалдуу шишик оорулары менен жабыркагандардын саны өсүп, аны дарылоодо маселелер жаралып келет.
Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын аялдардагы жатын моюнчасынын шишик оорусуна кабылгандар 500 миңден ашат. Ал эми аталган оорунун баштапкы стадиясын жарыкка кактоо ыкмасын ишке ашырган аппарат өлкөбүздө жок. Башкача айтканда, Улуттук онкология борборундагы жалгыз «Агат-В» үлгүсүндөгү аппарат 1 жылдан бери бузук турат.

«КАЗАКСТАНГА БАРЫП ДАРЫЛАНУУГА ШАРТЫБЫЗ ЖОК»
Улуттук онкология борборунун радиогинекология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтап, 53 жаштагы ГҮЛИЙПА МАМБЕТОВА:
– Радиогинекология бөлүмүнө ар башка курактагы аялдар ар түрдүү шишиктер, эрозия, киста, миома жана башка дарттар менен келишет. Бул дарттардын арасынан аялдардын жатын моюнчасында пайда болгон шишиктин алгачкы стадиясын жарыкка кактап, лазер менен арылтса болот экен. Аны ишке ашыруучу аппарат Кыргызстанда бир жылдан бери бузук турат.
Аталган аппаратка какталуу үчүн Казакстанга барууга туура келет. Бир дарылануу курсунан өтүүгө 5 жолу барыш керек экен. Ар бир какталган сайын аппараттын кызматына 100 АКШ долларын төлөйсүң. Казакстанга бир жолу барып келгениңдин жол киреси 1500 сом, жолдон тамактанганга 500 сом кетет. Ошондо 5 жолку барганды эсептегенде аппаратка 500 доллар, жол кире менен тамак-ашка 10000 сом керектелет. Бул дагы ашыкча тамак жебей, эптеп курсак тойгузуп барып келгениңдин эле баасы. Акча маселеси өзүнчө көйгөй болсо, ал жакка баргандагы жол азабы, казак дарыгерлеринин кылган мамилеси бир тең болот. Барганда аппараттын кабылдоосунда 15-20 мүнөт гана болосуң. Ошого 100 долларыңды карматасың да келе бересиң. Дарылоо курсун толук алганга мүмкүнчүлүгү жок, жөн эле чыгым болгондор же 5 жолу барып 1 курсту толук алса да, кандайдыр бир себептерден айыкпай эле оорусу күчөп кеткендер да бар. «Башы оорубагандын Кудай менен иши жок» дегендей, азыр аялдардын ооруларын башынан өткөрбөгөндөр биздин оору менен иштери да жок. Ушул аппаратты оңдотуп же башкасын алууга жардам бергиле деп Жогорку Кеңештин депутаттарына, массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарына чейин кат жолдодум. Арасынан көңүл бөлүп ушул жерге келген жалгыз силер болуп отурасыңар.

«КАЗАКСТАНГА БАРЫП ДАРЫЛАНГАНДАН БАШКА АЙЛА ЖОК»
Радиогинекология бөлүмүндөгү бейтаптардын көйгөйүн уккан соң Улуттук онкология борборунун башчысынын милдетин аткаруучу БАКЫТ ШАИМБЕТОВго кайрылып, төмөнкүчө жооп алдык:
– Аялдардын жатын моюнчасында шишиктин пайда болушу көп кездешкен оорулардын катарында. Ооба, учурда Улуттук онкология борборунда ошол шишик ооруларын жарыкка кактоочу аппарат бузулуп, бир жылдан бери мындай оорулууларга кызмат көрсөтө албай келебиз. Аргасыздан бейтаптарга Казакстанга барып дарыланып келүүгө медициналык жолдомо жазып берип жатабыз, башка айла жок. Бул боюнча тиешелүү жактарга жардам сурап кайрылганбыз. Аппарат оңдолсо, оңдолбосо да жакын арада анын жаңы үлгүдөгүсүн алып келели деп жатабыз.
1 айдан бери Чубактын кунундай чубалган Балдар онкологиясы бөлүмүндөгү кадр маселесине байланышкан чуудан колу бошобой жүрдүбү, айтор, Бакыт Шаимбетов сурообузга кыска жооп берип кутулду. Жетекчиликтин колун байлап, алагды кылып жаткан борбордун Балдар онкологиясы бөлүмүндөгү маселе дагы эң көйгөйлүүлөрдүн бири. Окуяга кыскача болсо да кайрылууну туура көрдүк.

СОО БАЛДАРДЫ ДЕЛЕ РАК ДЕП ДАРЫЛАЙ БЕРИШКЕН
Эске салсак, август айынын башында ата-энелер Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакованы туура эмес дарылоодон улам балдардын абалынын начарлашына, көптөгөн өлүмдөргө жана туура эмес койгон диагноздорго күнөөлүү деп билдиришкен. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги 15 эксперттен турган комиссия түзүп, алар аталган бөлүмдү текшерип чыгышкан. Анда дарыланып жаткан балдарга жеткиликтүү медициналык жардам уюштурулбай, 800 баланын ооруу тарыхы жазылган китепчесинин 40 пайызы толтурулбаганы, 30 пайызы чала толтурулганы билинген. Ошондой эле ооруканадагы хирургиялык блоктор боюнча атайын журналдар талапка жооп бербеген учурлар кездешкени аныкталган.
Мунун негизинде ошончо бала онкологиялык оору менен жабыркайбы же жокпу, аныкталбастан эле дарылоо курстары дайындала берген экен. Атайын комиссиянын чечими менен аталган бөлүмдүн жетекчиси Дамира Байзакова кызматынан алынган.

«АКЧА ТАБА ТУРГАН БУЛАККА АЙЛАНЫП КАЛГАН»
4-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн тиешелүү комитеттин жыйынында да Улуттук онкология борборунун айланасында сөз козголду. Анда депутат ИРИНА КАРАМУШКИНА төмөнкүлөрдү билдирди:
– Улуттук онкология борборундагы балдар бөлүмүн акча табуучу булакка айландырып алгандары өкүндүрөт. Ал жакта көптөгөн мыйзам бузуулар бар экени аныкталса да, мурунку жетекчи тиешелүү документтерди жаңы жетекчиликке өткөрүп бербей жатат. Ал тургай Беларустан келген профессорго да балдарды кароого уруксат бербей койгон. Ошол жакта дарыланып жаткан балдардын биринде онкологиялык дарт жок болсо деле рак деп дарылай беришкен. Ал балада болгону лимфа бездери боюнча гана бир аз көйгөй болгон. Мындай туура эмес диагноз койгон учурлар буга чейин да болуп келгенин ата-энелери айтып чыгышкан. Ар бир эле ата-эне баласы үчүн эч нерсесин аябай 100 миңдеген акчаларын жумшашат. Балдарды химикаттар менен уулап коюп, коррупционерлер ортодо борборду акча табуучу «саан уй» кылып алышкан.
Бир нече баланын өлүмүнө себепкер деп ата-энелер тарабынан күнөөлөнүп жаткан Дамира Байзакованын иши укук коргоо органдарына өткөрүлгөнү менен жүйөлүү чара дагы деле көрүлө элек. Ал тургай буга чейин анын үстүнөн 180 арыз түшсө да, министрлик эч кандай чара көргөн эмес. Ал эми 4-сентябрда Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнө Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 000 сом бөлүнгөнү маалым болду. «Бала ыйлабаса эмчек кайда?» демекчи, өлкөбүздө сөзсүз эле митингге чыгып же кайра-кайра кат жолдоп жатып маселе чечип калдыкпы деген ойго келдик.

Борбордогу «Агат-В» аппараты. Жаңысын сатып алуу үчүн болжол менен 50 миң АКШ доллары керек.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"30 жылдан кийин кыздар жатынсыз калып, төрөй албай калышат"

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
20.09.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл шайлаган депутатар ушул оорукананы карап койсо болмок
SUPER.KG видео
20.09.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламаттыкты сактоо министрине кайрылышса болмок беле.борбордогу бейтапканалар ушундай болсо райондогулар кандай болду экен,окунучтуу.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 мин кок акча ! Кее бир Кыргыздын чиренген байлары учун ! Эч нерсе эместир!
SUPER.KG видео
20.09.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райондогулардын абалы ото оор. Кадимки эле роддомунда коптогон инструменттери жок торотконго (кесерова). Районный роддомдон направления алып шаардык роддомго жетпей жолдо тороп коюп атшат.Ошондон улам коптогон жаш кыздар наристелеринен ажырап же оздору бул дуйно менен кош айтып атшат.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда торттон 3 кыз бул дуйно менен коштошушту.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Banktan chet achyshsyn.Kop tukurso kol bolot.50000dollar bat ele chogulat.Kelgile ushu nerseni kolgo alabyz!Enenin deni sak bolso,uluttun deni sak bolot!
SUPER.KG видео
20.09.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш апалар коруб алыб жаман болдум эххххх жогоркулар куйгуздуго ушундай иштерди карабагандан кийин эмне отурушат тушунбойм
SUPER.KG видео
20.09.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Хеппинесс деген фирма бар ошонун тампондорун колдонсонор эрозия миома жана башка оруларды жоккылыт и боюнда болбогондорда тампондон кийин боюнда болот мен озумда колдонгом.
SUPER.KG видео
21.09.2014. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо хеппинес жакшы деватышат го.Колдонуп коргуло
Чондордун курсагы ачып кплат акчаны мамлекетке жумшаса
22.09.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым ай не только онкология эмес Кыргызстанда кайда барба коррупция .окунучтуу
22.09.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неужели бир жылдан бери 50 000 $ аппарат алганга мумкунчулук жок? Бир депутат тээп жургон машинасын сатып алып берсе чон соопко калмак...
23.09.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azura, машинасын сатпаса деле үйүндөгү сейфиндеги же банкка катып койгон акчасы деле бир эмес 10 аппарат алганга жетсе керек.
SUPER.KG видео
22.09.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al Happynes degeniner kaysil okonuku?
SUPER.KG видео
22.09.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кресло талашкан депутат чиновниктер ушундай маселелерди карап койсо болмок арбир облуска бирден койуп койуш керекда
SUPER.KG видео
23.09.2014. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жан кейитет.... Откондо Султан Садыралиевдин ырына клип тартуу учун 50 мин доллор сарпталыптыр деп жазылып журду эле ал акча окмот тараптан болунуптур... Адамдардын омурунон да ошол шайтан чакырган ыр артык болуп кетиптирби...
SUPER.KG видео
23.09.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныштарымдан эле элге таанылбаган эле кишилер 50 минге 100 минге машина алды деп угам эми бул не учун? жон эле мактаныш учун статус же блат учунбу же мода тааныштарынын козуно корунуш учунбу? бизге коп корунгону менен кимдир бироо акчасын болбогон ненрсеге коротот экен. Ушундай эле адамдар алып атса ой билбейм башкаларына бул 50000 акча деле болбосо керек неге жардам бербейт.чон сооп деле алат эле да
23.09.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушул борбордо операция болгом. Операциядан кийин кызынарды озунор которуп тушкуло, лифт иштебейт дешиптир. Кудай жалгап лифт иштеп кетип, кайра лифт менен тушурушуптур.
23.09.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ менен врачтардын колуна тушкулук кылбасын ХХХ ХХХ ХХХ акчан болсо карашат жок болсо сен мал катары эсептейт
Модератор admin_superstan түзөттү 23.09.2014 14:35
23.09.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malik.87kg, мазактоого жана жаргон сөздөргө тыюу салынган! Эсиңизде болсун!
SUPER.KG видео
23.09.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsyzdarby Gepatit S oorusu boiuncha kenenireek maalymat berip koiosuzdarby bishkektin kaisyl jerine baryp darylansa bolot aldyn ala rahmat
SUPER.KG видео
24.09.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлоруна келген диагноздорду туура эмес кое беришкени куйгузот. Ошолордун туура эмес диагнозунун айынан быйыл апамдан айрылдым. Операциясына акчасыз киргизбей коюшту. Качан гана акча бергенибизде гана операция кылышты бирок жардам болбоду...Акчан болсо гана карашат экен.
24.09.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогондорду окуп алып кыргызстанга баргын да келбей кетет:-(
25.09.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда кааласа жакында Крга на совсем кетебиз деп кыялданып аттым эле.эч баргым келбей калды.эми Россиядан эле гражданство алып бала чакамды алдырып ушул жакта эле жашасак окшойт.эн эле болбоду дегенде свет эч качан очпойт анан медаппараттын туру иштейт.эх кыргызстан онугооруно совсем ишенбей калдым.ар ким оз очогуна кул тартып жатып байкуш кыргыз карапайым эл кантээр экен
25.09.2014. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, мен да Россияда больницага бир нече жолу тушком,документим жок болсо деле аябай жакшы даарылашкан,кийин Кыргызстанда больницага барсам ооруп турганыма карабастан уйуно барып оз алдынча даарылана деп чыгарып коюшкан,ичине кирсен шарты жок бир жума мурун стирилизовать эткен инструменттерин колдонушат экен,мамилелери корс.
25.09.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chomly88, это спарта!!-дегендей это кыргызстааааан!!!!!
SUPER.KG видео
25.09.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура айтасын кереги бар, кереги жок дарыларын да акчага, консультация да акча, корунуш да, акча, жадагалса ошол жакта учетто турам деген справкасы да акча айта берсен киргенден баштап бут акча акчан жок просто эле корбойт. А ошол ооруп жаткан адамдын кыйналып жатканын клруп да карашпайт. Кудай сактасын ананжанагы апараттарына коп болду иштебей жатканына.эч кандай жогору жактан козомол жок . Аябай окунучтуу.
SUPER.KG видео
25.09.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул аял башкасын ацтпай эле коеюн, жон эле кагазды карап убактылуу дары жазып бергени учун 500 сом деп уялбай эле бетке айттып эле алган.
SUPER.KG видео
25.09.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул аял башкасын ацтпай эле коеюн, жон эле кагазды карап убактылуу дары жазып бергени учун 500 сом деп уялбай эле бетке айттып эле алган.
27.09.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрыкча стоматология тармагындагылар тазалыкты сактоо дегенди унуткандай! Алдында чыккан кишинин оозуна салып,тишин чукулаган аспабын,кайра сенин оозуна сала беришет. Айтсан сенин ишин эмне дегендей мамиле жасашат!.
28.09.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер.Мен силерден сурайын дегеним,кыргызстанда подушка менен дарылоо чыгыптыр го.11мин сом турат экен бир подушка.Биринчи он кун бекер даарылайт экен ,жалалабаттан кордум.Балдар учун дегени да бар экен.Сурайын дегеним бул мошенниктер эмеспи,зыяны канчалык ?Билип макала жарыялап коюнуздарчы сураныч.
29.09.2014. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazimka, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
08.11.2014. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Традиционный медицина бул азыркы учурда бизнес болуп калган.Элдик медицина менен даарылоону керек.
SUPER.KG видео
09.12.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудаай ооо жараткан оорудан алыс кыла кор!!!эч бир пенде оррубасын!!!!
Медиа-портал
31.05.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир кунго президенттин коргоосуна мамлекеттен 2500000сом болунот экен элдин акыбалын ким ойлойт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: