Съездбектин азыр жылдызы жанып турган чагы. Анын "Эсимде», «Селки», «Алча гүлү» сыяктуу ырларынын сөзү менен обону бири-бирине шайкеш келип, кимди гана болбосун кайдыгер калтырбайт. Ушул керемет обондордун автору Съездбек 1980-жылы 2-августта Кочкор районунун Кызылдөбө айылында төрөлүп-өскөн. 11 бир туугандын кичүүсү. Бойдок.