Тынар Курбаналиев: «КЫЗДЫН МЕНИКИ ЭКЕНДИГИ ЫРАС» №27903
Ырас, азыр таш ыргытсаң, ырчынын башына тийет. А бирок, куудулдарыбыз саналуу гана. Анткени, каалаган эле адам куудул боло албайт. Ал үчүн табиятынан берилген шык, аракет, изденүүчүлүк керек. Ушундай сапаттарынын аркасында куудул катары өзүн көрсөтүп келе жаткан Тынар Курбаналиев 1977-жылы 13-ноябрда Сузак районунун Алмалуубулак айылында төрөлгөн. 7 биртуугандын эң кичүүсү. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы. толугу менен
ЭТЕК КИР УЧУРУНДА КОШУЛУУ ЗЫЯНБЫ? №27920
– Аялдын этек кири келип жаткан учурда төшөк кумарына батуу зыянбы? Эгер терс таасири болсо, мага жана күйөөмө кандай зыян келиши мүмкүн? Гүкүн, Бишкек. – Этек кир келип жаткан учурда жатын кандайдыр бир деңгээлде ачык болгондуктан, инфекция кирип кетиши мүмкүн. Мындай болгон учурда сезгенүү келип чыгып, дарылоону талап кылат. Эркектин уретрасында (заара чыгаруучу канал) кан калып калса да сезгенүү келип чыгат. Андыктан, этек кир учурунда кошулуу жакшы көрүнүштөрдөн эмес. толугу менен
АННА СЕМЕНОВИЧ №27900
“Көркөм көкүрөктүү айым” деген атка конгон Анна Семенович жаздын биринчи күнүндө өзүнүн 28-туулган күнүн белгиледи. Акыркы күндөрү бир гана белгилүү ырчы жана тажрыйбалуу спортчу катары эле аты чыкпастан, өзүн кино жаатында да көрсөтүп келет. Эмесе, биздин мекендештерибизге да сиңип калган “Обречённая стать звездой”, “Студенты”, “Клуб” сериалдарында жана “Ночной дозор”, “Ирония судьбы. Продолжение” фильмдеринде роль жараткан Анна ... толугу менен
ОСКАР – 2008 №27900
Дүйнөлүк киноискусство жаатында эң негизги сыйлык деп саналган Америка улуттук «Оскар» киносыйлыгы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да, Американын президенти Рейганга кол салуу болгон жылы да токтотулуп же башка күнгө жылдырылган эмес. Жыл сайын февраль айында өтө турчу сыйлыкты тапшыруу аземи кээ бир маселе жараткан окуяларга карабастан быйыл да өз жыйынтыгын чыгарды. толугу менен
КАМЧЫ УУЛДУУ БОЛДУ №27900
"Дем" театрынын демдүү да, дандуу да жигити Камчыбек Сарыбаев жыл сайын ушул жылдын 4-мартынан тарта кош майрам кылмай болду. Анткени, жубайы өзүнүн туулган күнү болгон 4-мартта Камчыга балканактай уул белек кылды. Наристе бул күнү түнкү саат 10до борбордогу №1-төрөт үйүндө салмагы 3 килограмм, бою 50 сантиметр болуп жарыкка келген. Баарынан кызыгы, актёр сүйүнгөнүнөн жанын коёорго жер таппай жатканы менен оозуна бир да тамчы спирт ичимдигин албаптыр. Анткени, Камчы: "Баланын кыркылыгы... толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди: