«Боз салкын» фильми аркылуу мекенибиздин булуң-бурчуна чейин таанымал болууга жетишкен Асема азыр 21 гана жашта. Жаш экенине карабай баарыбыздын бүйүрүбүздү кызытып, учурда Кыргызстанда популярдуулугу артып турган убагы.
– Асема, сен тартылган “Боз салкын” фильмин көрбөгөн кыргыз калбаса керек. Бул киного кандайча келип калдың эле?
– 2004-жылы Бишкектеги “Бийиктик” басмаканасында иштеп жүргөндө...