– Силер эч жакка чыкпагыла! Азыр эле автобуска Сабинанын сүрөтүн чаптап кетишти. Кимдир бирөөдө маалымат бар окшойт,- Бекжан үнү калтырап чалып жатты.
– Кайда барасың?
– Ишиң болбосун!
Насип кийимдерин чоң сумкага салып жатты...
Жайдыр-кыштыр жайлоо сымал илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү?- деп Байдылда Сарногоев жазгандай...