Популярдуу жылдыз Шакиранын жигити Аргентинанын экс-президентинин уулу Антонио де ла Руа экени жалпыга жашыруун эмес эле. Экөөнүн сүйлөшкөнүнө 1 жыл эмес, 11 жыл болгон. “Мамиле ак көйнөк, дүңгүрөгөн той менен аяктайбы?” деп күтүп жүргөндөргө кайгылуу кабар тарады. Шакира менен Антонино “бул мамилебизди токтотобуз, экөөбүздүн жолубуз эки башка” деп чечишиптир.