Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
«АК КОНУШ» СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ
№428 14-20-январь, 2011-жыл.
Кыргыз кинематографиясынын мамлекеттик агенттиги мыкты сценарийлерге “Ак конуш” аттуу сынак жарыялады. Сынак быйыл белгиленчү кыргыз киносунун 79 жылдыгына арналат. Кыргыз дүйнөсү тууралуу мыкты сценарийлер 15-январдан 15-февралга чейин кабыл алынат.
Кино изилдөөчү Гүлбара Төлөмүшеванын айтымында, сынакты 3 наам боюнча өткөрүү каралган.Толук метраждуу көркөм фильмдин сценарийи үчүн: 1-орун – 50 миң сом, 2-орун – 30 миң сом, 3-орун – 20 миң сом. Кыска метраждуу жана документалдуу фильмдер үчүн сценарийдин баш байгеси 15 миң сом. Сынактын жыйынтыгы май айында чыкмакчы. Сценарийлер Төлөмүш Океев атындагы киностудияда кабыл алынат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0