Кечээ капыстан кезигип сүйлөшө кеткенибизде Өмүрбек Текебаев көптөн бери көңүл кытыгылап келаткан суроого жооп айтып калды. “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев экөөнүн сүйлөшкөнүнөн кеп козгоп, анын президенттикке ат салышпай тургандыгын билдирди. “Менден “президенттикке талапкерлигиңди коёсуңбу?” деп сурагандар көп болууда. Ошондон улам ойлонуп көрдүм. Чамамда, президенттикке ат салышпайм го. Азыр 42 жаштамын, жашмын. Иш тажрыйбасы да, турмуштук тажрыйбасы да жетиштүү, президенттикке татыктуу агаларыбыз бар. Конституцияда деле президенттик аксакалга ылайыктуу деп мүнөздөлүп жатпайбы”,- дептир Камчыке. Анан да “Улуттук комиссиянын жыйынында да, парламенттик жыйында да айткам, “ата мекенчилер” Тейит айылындагы үйлөрдү өрттөөгө эч кандай катышышкан эмес. Муну мен ошол жердин тургуну катары айтып коюшум шарт”,- дептир.
Бул сөздөрдөн улам “президенттик шайлоого “Ата Журт” менен “Ата Мекен” бирге барат” деген кептердин чындыгы бар окшойт деп калдык.
Лейлектин элинин алдында Бакиевди алып келем, деп суйлоп алып кийин эле мен антип айткан эмесмин, бул монтаж болгон, бироо атайын жасаган менин унумду, деп чыкпадыбы! Ой-тобоо, эми 1ден ошончо эл буга кубо, 2ден мен лично ошол роликти кордум, андай саппаттагы видеонун унун монтаж кылууга болбойт, кылган чакта деле билинип калат. Эгер эркек болсо ошондо "Ооба, айткам, ну и что, дебейт беле!?", антип жасалма жол м.н элден балл топтобой!