«ЖАЗЫНДА ЭЧ КАНДАЙ ТӨҢКӨРҮШ БОЛБОЙТ»
№434 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
Мындай билдирүү- нү Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жасады. Төрага: “Март, апрель айлары саясий абал курчуган кез болот. Бул жылы көптөгөн саясий күчтөр президенттик шайлоого даярдана баштады. Айрым саясатчылардын айткан сөздөрү терс көрүнүштөрдү жана нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн. Бирок 2010-жылы болуп өткөн окуялар кайталанбайт”,- деп жар салды. Эмнеге таянып мындай билдирүү жасаганы азырынча белгисиз. Ошентсе да тынччылык гана болсун дейли.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1