Бир бүркүм... АПРЕЛЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ УЛАНАТ...
№436 11-17-март, 2011-жыл
- “Кыргызгаз” ААКсы Өзбекстанга жаратылыш газы үчүн 3,4 миллион доллар карыз.
- Ош облусунун жаңы прокурору болуп Айбек Турганбаев дайындалды.
- Кыргызстанда Орусиянын Алтай аймагынан алынып келинген кедр дарагынын көчөттөрү отургузулду.
- Айтылуу кинорежиссёр Эркин Рыспаев 6-март күнү көз жумду.
- Кыргызстанда 300дөн ашуун орусиялык компаниялар ишмердүүлүк жүргүзөт.
- ЖКнын “ата журтчу” депутаты Шарапаткан Мажитова башка жумушка орношуп жаткандыгына байланыштуу мандатын тапшырды.
- 2010-жылы Акыйкатчынын институтуна 12 миңден ашуун жаран арыз менен кайрылган.
- Быйылкы жылы 18-март күнү Апрель окуясы боюнча сот иши уланат.
- Бишкек шаарынын “Ош базарынын” айланасынан мыйзамсыз орнотулган 878 соода орундары жок кылынган.
- Укук коргоочулардын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан паракорчулук системасынын айынан бир жылдын ичинде
700 миллион доллар зыян тартат.
- Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүлөрү иштелип чыкты.
- Туризм боюнча биздин өлкө дүйнөдө 107-орунду ээлеп турат.
- Өлкөдө ВИЧ/СПИД оорусу бар 3385тей адам катталган.
- Мамлекеттик спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин директору болуп Умбеталы Кыдыралиев дайындалды.
- Жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, күрөөканаларга эми лицензия алыштын кереги жок болот.
- Жазгы талаа иштерине Кыргызстан күйүүчү май менен 30 пайызга гана камсыз болгон.
- Кыргызстан экологиянын тазалыгы жагынан дүйнөдө 79-орунда турат.
- Ош облусунда санитардык эрежелерге жооп бербеген мал базарлар жабыла баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0