Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
МАСАЛИЕВ АКТАЛДЫ, СЫДЫКОВ ШАРТТУУ КЕСИЛДИ
№436 11-17-март, 2011-жыл
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 10-март күнү Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун үстүнөн сот иши болуп өттү. Анда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу экс-депутат Исхак Масалиев толук акталып чыкты. Ал эми “массалык баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар” деген күнөө менен Үсөн Сыдыков 6 жылга шарттуу түрдө кесилди.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысынын жаш курагы 68 жашка барып калгандыгына байланыштуу ушундай өкүм чыгарылгандыгы маалым болду. “Сот Үсөн Сыдыковго эң төмөнкү жазаны берүү керек деп эсептейт”,- дейт сот Кымбат Архарова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0