Бир бүркүм... АЛИНА ЖЕКЕ КОНЦЕРТИН БЕРЕТ...
№437 18-24-март, 2011-жыл
-

Диктор
Кыял Шаршеева учурда 6 айлык кызы менен үйдө. Азырынча баланы кароо менен гана алек болуп, сүйүктүү ишине чыгууга шашылбай тургандыгын кабарлады.
-
Ырчы
Самат Дөөлөтбаков чыгармачылыктан үч айдан бери алыстап жүрөт. Себебин банктагы ишин биринчи орунга койгондугу менен байланыштырат. Бирок эми кайрадан жанданарын билдирди.

-
Ырчы Алихан быйыл Юридикалык академияны аяктайт. Андыктан көп убактысын дипломдук иш жазууга бөлүүдө. Ошондой эле Даниель экөө Ноорузга карата Каракол шаарында эки күндүк концерт коюшат.
-
Азат Болотбек жана
рэпер
SITY “Девушка загадка” аттуу ырына клип тартышты. Клипке Орусиянын “РУДН” КВН командасынын кыргыз оюнчу кызы Сауле Эрки катышты.

-
Алина Жетигенова апрель айында жеке концертин берүүгө камынып жүрөт. “5-6 жылдан бери элге концертимди тартуулай элекмин. Андыктан элди сагынганымды билдирип, жакшы ырлар менен күйөрмандарымды кубантам”,- дейт ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0