Сүйүнчү! Урмат менен Неля экинчи перзенттүү болушту. 3 килограмм 700 грамм салмактагы кызды Неля 15-март күнү таң эрте саат 8:30да жарыкка алып келди. Кыязы, жаз мезгилинде төрөлгөндүгүнө байланыштуу болсо керек, ымыркайга Жазель деген ысым ыйгарышты.
Ар дайым жаз гүлүндөй жадыраган кыздардан болушун каалап, ырчыларга бешик бооңор бек болсун демекчибиз.
P.S. Бул экооно "эл" менен аяктаган аттар жагып калган го ээ?? :)