Бир бүркүм... ИЛЬЯЗ НООРУЗДУ АМЕРИКАДАН ТОСТУ...
№438 25-31-март, 2011-жыл
-
Ырчы Айко май айында борборубузда тушоо кесүү концертин берет.
-
KG Эльмураттын таятасы, Адахан Мадумаровдун атасы 79 жашында дүйнө салды. Жакындарына көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөбүз.
-
«Миң кыял FM» радиосунун ди-джейи Расул Мырзатегин дипломдук иш жазуу менен алек.
-
Дайыр Исмадияров учурда Орусиядагы мекендештерибизге концерт берип жүрөт. Дайыр капчыгын кампайтуу менен бирге эс алып жатканын айтты.
-
“Аят” тасмасында башкы каармандын образын жараткан актёр Азамат Арыков «Аяттын» экинчи бөлүгүнө тартылмакчы. Анда да актёр башкы каармандын ролун ойнойт.
-
АКШнын Чикаго, Нью-Йорк, Лос-Анжелес жана Вашингтон шаарларында жашаган мекендештер Нооруз майрамын Ильяз Абдыразаков менен бирге тосушту.
-
Фарида Карбозова 23-март күнү 30 жашын дос-тууганы менен белгиледи.
-
Ырчы Алмаз Шаадаевдин “Жанымай” аттуу ырын казактар которуп ырдоого уруксат сурашты. Бирок “алар аткарганда атактуу болуп кетип, менин атым көмүскөдө калбасын” деп макулдугун берген жок.
-
Айнура Салахидинова “Майтарылбас махабат” аттуу тасмага тартылууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0