ЭКИ НУРЗАТ ЭЛДИ ТАҢ КАЛТЫРЫШАТ
№438 25-31-март, 2011-жыл
Ырчы Нурзат Садыкова мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде солист катары өзүн сынап көрүүнү чечти. Ал жакка ырчыны Кыргыз Эл артисти, дирижёр Бакыт Тилегенов чакырган. Ошентип, жакында Нурзат оркестр менен эл алдына чыгып калат.
Ал эми алпаруучу Нурзат Токтосунова ырчы болом деп жүрдү эле, бирок жакында эле тасмага тартылып жатканын кабарлады. Болгондо да башкы ролдогу кыздын жигитин тартып алган айымдын образын жаратат экен. Өзүн кинодон биринчи ирет сынап көргөн Нурзаттын артисттик чеберчилигин байкачу күн алыс эмес. Анткени “Мен сага ишенем” деген аталыштагы бул тасма жакынкы күндөрү элге тартууланат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0