Миш-миштер парады...
№438 25-31-март, 2011-жыл
-
Экс-президент Аскар Акаев агасынын аракети менен Бишкекте той өткөрүптүр. Бирок шаан-шөкөттүн жүрүшүндө агасынын жүрөк оорусу кармап калган имиш.
-
Жалал-Абад облусунун эли Камчыбек Ташиевге таң калып отурган кербези экен, анткени анын Өмүрбек Текебаев менен тил табышканына түшүнө албай жатышат.
-
Вице-премьер Өмүрбек Бабанов бир аптанын ичинде Ак үйдөн куулганы турат.
-
ЖКнын депутаты Канатбек Исаев вице-премьер Өмүрбек Бабанов кызматынан шыпырылары менен анын ордуна “Республиканын” лидери болууга даярданып жатыптыр.
-
Экс-депутат жана олигарх Аскар Салымбеков президенттик күрөшкө камданып жатыптыр, ага миллиондогон долларды да даярдап койгон экен.
-
КТРКнын “Ала-Тоосун” Нуржамал Бурханова, 5-каналдын жаңылык чыгарылышын Евгения Бердникова кайтарат. Экөө тең Өмүрбек Бабановду мактагандан тажабайт дешет.
-
ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди кайра-кайра “кидать” эткени үчүн коңшу баурдастар спикерге “бирди көрөсүң” дептир.
-
Экс-депутат Мелис Эшимканов эски кызматын эңсеп, учурда Кубат Оторбаев жетектеген КТРКнын директорлугуна кызыгып жатыптыр.
Имиштердин булактары: “Фабула”, “Айгай-пресс”, “Учур”,
“Айкын саясат”, Alaman.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0