Бир бүркүм... ИЛЬЯЗ АНДАШТЫН ОЮ ИШКЕ АШПАДЫ...
№439 1-7-апрель, 2011-жыл
-
Омар 1-апрелден 11-апрелге чейин түштүк жергесине “Кош жүрөк” аттуу жеке концертин тартуулайт.
-
Азиза “Сезбедиң” деген ырына ушул жумада клип тарттырганы турат. Ошондой эле дагы бир жаңы ыр жаздырып, ага ат таппай убара.
-
Гүлжигит Сатибеков бир жарым жылдан бери сактап жүргөн “Досума” аттуу ырынын клибин элге тартуулады.
-
Актриса Шайыр Касымалиева “Чеховдун юбилейи” деген спектаклдин үстүндө иштөөдө. Спектакль апрель айынын ортолорунда элге тартууланат.
-
Бекчоро 4-5 жылдан бери максат кылып келген “Эне жүрөгү” деген ырын жаздырып бүттү.
-
Ильяз Андаш АКШда жеке концертин берип кайтты. Ошондой эле Америкада иштеп калып калсам деген ою ишке ашпай калганын билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0