Бир бүркүм... ГУРЧЕНКО ДҮЙНӨ САЛДЫ
№439 1-7-апрель, 2011-жыл
-
Ырчы жана актриса Людмила Гурченко 30-мартта капысынан жүрөгү токтоп дүйнө салды. Жамбаш сөөгүнө оор операция жасаткан актриса бир күн мурун эле ооруканадан чыккан болчу.
-
Англиянын ханзаадасы Уильям Уэльский менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү тою I Tune телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт.
-
Крис Браун Рианнанын ордун 22 жаштагы афро-америкалык Кэррюче Трен аттуу модель кыз менен толуктады.
-
Ырчы айым Максим күйөөсү менен ажырашууда. Буга ырчынын чыргоо мүнөзүн күйөөсү көтөрө албай калганы себеп экен.
-
“5sta Family” тобунун ырчысы Лоя топтон кетти. Акыркы күндөрү Лоя продюсери менен соодалаша баштаган.
-
Леди Гага рок ырчы Элис Купердин Бразилиядагы концертине катышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0