Бир бүркүм... АБАКТАГЫ АЧКАЧЫЛЫК ТОКТОТУЛДУ...
№439 1-7-апрель, 2011-жыл
-
Бүгүнкү күнгө чейин “Дыйкандарга арзан насыя” долбоору боюнча 303 дыйканга 78,4 миллион сомдук насыя берилди.
-
Омск облусу Кыргызстанды жыгач материалдары жана мунайзат менен камсыз кылмакчы.
-
Алкоголдук бизнести көмүскөдөн чыгаруу менен кошумча 1 миллиард сомдон ашык каражат алууга мүмкүн.
-
Билим берүү дүйнөсү (World of Education) эл аралык уюму 2-3-апрель күндөрү Бишкекте “Чет өлкөдө билим алуу” эл аралык жарманкесин уюштурат.
-
Келечекте Кыргызстанда берилген медициналык справкалар Орусияда тааныла баштайт.
-
Өкмөттүн токтому менен Ош шаарындагы жерге муктаждарга 500 гектар жер бөлүндү.
-
Өкмөт Оштогу улут аралык жаңжалда каза тапкандардын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон берүү боюнча чечим кабыл алды.
-
Депутаттар “Кумтөр” кен казуу ишканасын текшерип чыгышат.
-
Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө реформа жүргүзүлөт.
-
30-мартта бардык түзөтүү мекемелеринде ачкачылык акциялары толук токтотулуп, камактагылардын тамактануусу калыпка келди.
-
Март айынын орто ченинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 456 миллион метр кубду түздү.
-
Кыргызстан кургак учук эң көп жайылган 18 өлкөнүн катарына кирет.
-
Бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн Өзбекстанга газ үчүн болгон карызы 20 миллион доллар.
-
Бишкек-Торугарт багытындагы автожол кырсыгынан 13 адам жабыркады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0