МИШ-МИШТЕР КЕРБЕНИ
№439 1-7-апрель, 2011-жыл
Маалымат айдыңына көз жүгүртсөң ушак-айың төгүн-калпы аралаш укмуш кептер жазылат. Төмөнкү кабарлар “Айкын саясат”, “Фабула”, “Эл сөзүнөн” алынды.
-
Кыргызча “кыйын” билген Феликс Кулов премьер-министр болгусу келип жаткан имиш.
-
7-апрель окуясынан кийин Кыргызстандан Казакстанды көздөй качкан Алексей Ширшов менен Энергетика министри Аскар Шадиевдин мамилеси ынак имиш. Ширшов Алматыда туруп электр тармагын көзөмөлдөп жатат экен.
-
Депутат Жылдыз Жолдошева 604 миң сомдой жер салыгын жана айыл чарба багытындагы жердин чыгашасына 1 миллион 200 миң сом төлөбөй жүрөт имиш.
-
Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен Садыр Жапаров мушташып кетип, Ташиев ажырата коём деп, ууланбай эле Мелистин муштумунун айынан ооруканага түшкөн имиш.
-
Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келүүгө белсенип калган имиш.
-
Жаныш Бакиев Алматыдагы ресторанда белгилүү бир чиновник менен жолугуп, “Бригадага” тиш кайраган сөздөрдү айткан имиш.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0