Бир бүркүм... ДРОБЫШ РАДИО АЧАТ
№440 8-14-апрель, 2011-жыл
- “Дом 2” долбоорунун алпаруучусу Ксения Бородина үч жыл чогуу жашаган күйөөсү Юрий Будагов менен 4-апрель күнү расмий түрдө ажырашты.
- «Город 312» тобундагы Мария Илеева менен күйөөсү Дмитрий Притула перзенттүү болушту.
- Телеалпаруучу Иван Ургант Орусиядан кетип, карьерасын чет өлкөдөн улантууну чечти. Тележылдыз эми актёрдук талантын сынап, Голливудга аттанганы турат.
- Продюсер Виктор Дробыш өзүнүн жеке радиостанциясын ачканы турат. Бул радио май айында обого чыга баштайт.
- Британиялык рок-музыкант Оззи Осборн жубайы Шэрон экөө Малибудагы үйүн сатууга кардар издешүүдө. Оззи Осборн бул үч кабаттуу үйүн 2003-жылы сатып алган.
- Жерар Депардье Орусия-Франция өлкөлөрү биригип тартып жаткан “Распутин” тасмасына тартылганы Орусияга келди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0