Бир бүркүм... ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА КОНЦЕРТ БЕРЕТ
№440 8-14-апрель, 2011-жыл
- Караколдон гастролдоп кайтышкан Бек Борбиев, Мая, Кабыл Бөрүбаев жана Санжар Бердибековдор эми түштүктү түрө кыдырып концерт коюшмакчы.
- Тынай Алыбаев “Кимге айтам?” деген чыгармасына клип тартууда. “Буюрса, клип ушул айда жарыкка чыгат” деп билдирди ырчы.
- Аранжировкачы жана ырчы Жаныш Момунов “К-52” деген орус тилдүү эстрадалык топко кошулду.
- Гүлзинат Суранчиева 5-апрелде Таласта өткөн шейит кеткендерди эскерүү концертине катышып кайтты.
- Добр Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарына жеке концертин берип келип, “Сен үчүн” деген ырына клип тарттырды.
- Сыймык Бейшекеев менен куудул Келдибек Ниязов Баткенде концерт берип жүрүшөт.
- Гүлзат Байзакова 12-13-майда Улуттук филармонияда жеке концертин өткөрөт. Учурда даярданып, жаңы ырлардын үстүндө иштөөдө.
- “Don't Leave Me” деген ыры менен популярдуу болгон “02.14” тобу Каракол шаарында жеке концерт берип келди. Эми борбордо өтчү концертке кызуу даярданууда.
- Жамиля Муратованын шакирти Назик Кудайбердиева «Бириксек колдон келет» аттуу ырына клип тарттырганга даярданууда. Андан тышкары орус тилинде да ыр жаздырып жаткан кези.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0