ФАРИДА МЕНЕН АЙГҮЛ ЖИГИТ ТАЛАШЫШТЫБЫ?
№440 8-14-апрель, 2011-жыл
Ырчы Фарида Карбозова туулган күнүндө 6 жылдан берки курбусу Айгүл Чалова менен таарыныша кетти. Бул тууралуу Айгүл: “Кантип жакшы көргөн адамыңды кызганбайсың? Жигитим улам-улам Фариданын кулагына бир нерселерди шыбырайт. “Кызганган жокмун” дегеним менен, ичим күйүп жатты”,- дейт. Алтургай жигитине “дагы ушинте турган болсоң, экинчи эч жакка ээрчитпейм” деген талап койгонун да жашырган жок. Ал эми Фарида “Айгүлдүн жигити музыка катуу угулганынан улам кулагыма шыбырап жаткан. Курбумдун түшүнбөй эле таарынганы туура эмес” деп билдирди. Эки ырчынын достугу жигит үчүн кыйрабас деген ойдобуз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
3
Jondon jon ele Aigul kyzganbasa kerek,uialbai katuu chykkan muzykaga shyltaganyn kandai? Bashka bala kalbai kalgansyp, uiatda ushul.