ЖКдагы ЖЫЙЫНДЫ ЖАЛПЫ ЭЛ УГАТ
№440 8-14-апрель, 2011-жыл
2006-жылы «Парламент» радиосу түзүлгөн эле. Радио ЖКдагы жыйындарды 90.2 FM жыштыгында Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө уктуруп келсе, эми КТРКнын «Биринчи» радиосу аркылуу жергебиздин бардык аймактарында обого чыкмай болду. Ар аптанын бейшемби жана жума күндөрү өткөн жыйындар жазылып алынган соң кечки саат 19:30дан тартып берилет экен. Эми жыйындар толук берилеби же ободо да оңдоолор болуп кетеби, аны уккандан кийин билебиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0