Бир бүркүм... КУМАР АСАНОВГО КИМ ЖОЛДОМО БЕЛЕК КЫЛДЫ?
№441 15-21-апрель, 2011-жыл
-
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова быйыл 50 жашта. Буга удаа эле чыгармачылыгынын 25 жылдыгына арнап 21-апрелде филармонияда концерт берем деп жүргөн кези.
-
Телеалпаруучу Роза Ибраимова Коомдук биринчи каналда жаңы ачылып жаткан “Келечек” балдар студиясына журналист жана алпаруучу болуп орношту.
-
Ырчы Айжамал Кабылова Орусиядан жай мезгилинде Кыргызстанга келерин кабарлады.
-
Айнура Салахидинова Ош шаарында “Мен сени сүйөм” деген аталышта концерт берип жүрөт. Концерттин алпаруучусу – Санжар Бердибеков.
-
Түштүктү түрө кыдырып концерт коюп келген Кумар Асанов капчыгын жакшы эле кампайткан окшойт. Анткени продюсери Ислам Сатаров Анталияга 10 күндүк эс алууга жолдомо белек кылды.
-
Мирбек Иманбеков менен Акбар Сүйүнбаев түштүк жергесинде гастролдоп жүрүшөт. Ошондой эле Мирбек “Сүйүктүүм” деген жаңы ырына клип тарттырууда.
-
Ырчы Эрлан Андашев учурда “Жалгыздык” деген аталышта ыр жаздырып жатат. Ал эми “Сагындырба” аттуу ырына клип тарттырып бүттү.
-
Ырчы Юлия Руцкаянын ырлары эми испан композитору Гильермо Альбелонун альбомунан орун алат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0