НИКОЛАС КЕЙЖ ЖУБАЙЫН САБАП...
№442 22-28-апрель, 2011-жыл
Голливуддун белгилүү актёру Николас Кейж жакында жубайына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн айыпталды. Көчөдө мас абалда аялын жулкулдатып, кыйкырып жаткан актёрду көргөн таксист полицияга чалган. Ошентип, Николас «коомчулукта тынчтыкты бузду» жана «үй-бүлөлүк зомбулук» деген эки берене боюнча айыпталды. Кантсе да аялы эмеспи, Николастын жубайы 11 миң доллар күрөө коюп күйөөсүн камактан бошотуп алыптыр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Бул актердун талантына баа берем, озун эркекче алып журот. Азамат Николас !!!