Бир бүркүм... АСЕЛ МЕНЕН БЕК СҮЙҮҮСҮН ДАҢАЗАЛАШАТ...
№443 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
- Ырчы Асел Турдалиева студенттер менен “Биз таланттарды издейбиз” деген долбоор уюштуруп, Чүй облусун кыдырат. Мындан сырткары ырчы айым Бек Борбиев экөө «Биздин сүйүү» деген ырына клип тарттырууну пландап жатышат.
- Элмара Турсуналиева ди-джейлерди жана алпаруучуларды даярдоо борборун ачты. Бул борбор май айынан тарта иштей баштайт.
- Ырчы Элиза Орозова Ак-Босого конушуна дүкөн жана чачтарачкана салдырам дейт.
- Токтобек Асаналиев 6-июнда боло турган концертине жаңы ырларды жаздырып, жаңы формаларды тиктирип, кызуу даярданууда.
- “Миң кыял FM” радиосунун ди-джейи Акыл Жеңишбек уулу Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү тулпарлуу болду.
- Москвада окуп жүргөн ырчы Зари 27-апрелде курбуларынын коштоосунда туулган күнүн белгиледи. “Буюрса, 23 жашымды Кыргызстандан тосом”,- дейт мекенин сагынган ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0