Мамлекеттик кызматкерлер өз кирешелери боюнча декларацияны толтуруп тапшырышты. Президент Роза Отунбаева былтыр 1 миллион 857 миң сом киреше тапкан. Ошондой эле 1994-жылы алган батиринин баасын 1 миллион 500 миң сом деп көрсөткөн.
Ал эми премьер-министр Алмазбек Атамбаев жыл ичинде 280 миң сом пайда тапкан. Мындан сырткары өкмөт башчы 1989-жылы 2 миллион сомго өндүрүш мекемесин, 1995-жылы 3 миллион сомго жер тилкесин жана 100 миң долларга үй сатып алгандыгын белгилеген. Анын туугандары 500 миң долларга бааланган үйгө жана 4 миллион долларлык мүлккө ээлик кылышат.
Декларацияда көрсөтүлгөндөргө таянсак, аткаминерлердин кедейи Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков экен. Ал декларацияда 2010-жылы иштеген жеринен 40 миң сом кирешеге ээ болгондугун, аны менен кошо колунда 1986-жылы 7 миң рублга сатып алган унаасы жана 2009-жылы белекке алган үйүнөн башка эч нерсеси жок “жылаңач” экенин көрсөткөн.
ушундан улам кантип ишенесин... Бакиевдин убагында налог.системасынын чону болуп отурду (жыйып жыйчыну) азыр депутаттын баардыгы бай ошо байлыкты сакташ учун депутаттыка келишет... анан жон ойду тоону айта бериеби....кызык..