Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун Июнь окуяларын иликтөө боюнча эл аралык көз карандысыз комиссиянын жыйынтыгы боюнча өз пикирин билдирүү учурунда айтты. Акыйкатчы комиссия тарабынан көңүл бөлүнбөй калган жагдайларга токтолуп, өзбек лидерлери Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасуловдун чагымчылдык иштерине жана Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун улутчулдук иш-аракеттерине иликтөө жүргүзүүдө көңүл бурулбагандыгын белгиледи.
Акыйкатчынын айтымында, Мырзакматов улутчул иш- аракеттеринин аркасында өз кишилери аркылуу өзбек лидерлерине салык салып, акча өндүрүп, пайда таап келген. Ошондой эле «биздин иликтөө топ Ошко барганда Мырзакматов: «Биз силердин коопсуздугуңарды камсыз кыла албайбыз. Бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр? Силер түндүктүксүңөр»,- деп трайбалист, регионалисттик жаман мүнөзүн ачык эле көрсөткөн”,- дейт.
Вы (!) - вирусы трайбализма!
Главное я знаю, что Ошане не такие как этот Турсунбек описывает. Я считаю, Мырзакматов заслуживает уважения хотя я не с Юга. Он смог взять ситуацию под контроль и защищать наших южных кыргызов.
Или ты не Кыргызка ???
Турсунбек Акунду Мелис мырза бир аз кемсинтип суйлоп койгон. Ошону эми Турсунбек кошмо соз кылып элге Мелисти "трайбалист" ж.б. икир чикир создор менен жамандап жатат ко. ММК булар учун оюн болуп эле калды, упай топтомой оюн десе да болот. Кандай болбосун МЕЛИС мырзага жетуу кыйын. Мелистей катуурак, тартипти орното турган адам башкарбаса кичинекей мамлекетибиз америкалыктар айтмакчы ХАУС болуп кетет ко... ким мага кошулат?