УШУЧУЛАРДЫН ҮРҮМЧҮГӨ «ЖОРТУУЛУ»
№449 10-16-июнь, 2011-жыл
Жакында Үрүмчүдө 15 мамлекеттин 39 командасынын катышуусунда Синьцзянь Эл аралык мелдеши болуп өткөн. Ушунун салттык жана спорттук түрү боюнча өткөн биринчиликке биздин өлкөдөн аттанган 16 спортчу 29 медаль (анын ичинде 10 алтын, 9 күмүш жана 11 коло) утуп кайтышты. Жалпы командалык эсепте 1-орунду камсыздаган мекендештерибиздин даярдыгын Кытайдын курамынын башкы машыктыруучусу Ся Бохуа жогору баалаган. Эске салсак, мелдеште коңшулаш казакстандыктар 16, ал эми орусиялыктар 4 гана медалга жетишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0