Бир бүркүм... ТАТА УЛАНГА НЕ КЕРЕК?..
№449 10-16-июнь, 2011-жыл
- Ырчы Алтынбек Алымов облустарды кыдырып, гастролдон келди. “Келсем, мен жашаган райондо суу жок экен. Абдан куурап жатам”,- деп кейип өттү.
- Асема жеке концерти менен түштүктө гастролдо болуп келди. Эми түндүккө сапар тартканы турат.
- Нурайым Азыкбаева «экзамендерди ийгиликтүү тапшырып аларым менен турмуш жолуна аттанам» деп турган чагы.
- «02.14» тобу июль айында Орусияда болчу концертине даярданууда. Ага чейин Чүй облусун кыдырып концерт тартуулайт.
- Аскат Мусабеков Жолон Мамытовдун сөзүнө таандык “Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин” аттуу ырын жаңы вариантта жаздырууда.
- Кубаныч Сатаев жубайы ди-джей Кундуз Авашова менен “Эңсөө” деген ыр жаздырды.
- Ырчы Данияр Эрматов “Жаным, токто” деген ырына клип тарттырууда.
- Иса Өмүркулов быйыл 11-классты аяктап, мектеп менен коштошту. Учурда “Сүйүү жазы” аттуу ырына клип тартуу иштери менен алек болуп жүрөт.
- Неля 10 жылдыкка жолдошу Урмат жана кызы Жазель менен барып келди.
- Ырчы Назми Токтогулдагы кайын журтуна кызы менен барып эс алып келүү алдында турат.
- Этноакын Тата Улан “Не керек?” деген ырына клип тартууга киришти. Ошондой эле Орусияда 1 күндүк концерт коюп келди.
- Ырчы Дархан “Эне заты” деген чыгармасына 3D форматында клип тартууда. Буюрса, ушул айдын аягында жарыкка чыгып каларын айтты.
- Съездбек Искеналиев Шамшы жайлоосунан эс алып кайтты. Учурда “Жүрөгүм” деген ырына клип тарттырууда.
- Токтобек Асаналиев тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Республикалык «Кыргыз тил» коомунун атайын медалы менен сыйланды.
- “Эне эмгеги” кайрымдуулук фонду “Арнайм сага, апаке” долбоорунун 2-сезонун баштаганы турат. 15-июнда майып балдар эстрада ырчылары менен бирге дуэт ырдашмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2