ДРОГБА – КҮЙӨӨ, ШҮКҮР – ДЕПУТАТ, РУНИ – ТАЗ ЭМЕС
№451 24-30-июнь, 2011-жыл
Европада футболдук сезон аяктап, футболчулар башка жааттарда жаңылык жарата башташты. Алсак, лондондук “Челсинин” оюнчусу Дидье Дрогба Лалле Диаките аттуу айым менен баш кошту. Үлпөт той Монако шаарында тар чөйрөдө өттү.
12-июнда Түркияда парламенттик шайлоодо жеңип чыккан “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын курамында Түркиянын улуттук курама командасынын экс-футболчусу Хакан Шүкүр да бар. Ага партиянын мүчөлүгүнө кирүүнү партиянын лидери Тайип Эрдоган өзү сунуштаган.
Шрек деген каймана аттуу англиялык футболчу Уэйн Руни жакында таз болуп калуу коркунучунун алдын алды. Ал Лондондо жасалма чач операциясын ишке ашырды. “Уэйндин жаңы чач жасалгасы жакшы жарашты”,- дейт Рунинин «Фионасы» Колин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0