Бир бүркүм... АЙДИН ШЕР МУЗЫКАНТ БОЛУП КЕТТИБИ?..
№451 24-30-июнь, 2011-жыл
- Ырчы Алтынбек Алымов Бек Борбиев менен биргеликте төрт жигиттен турган “Арман” аттуу топ түздү.
- Эрлан Андашев “Жалгыздык” деген ырынын клибин бир аптадан кийин элге сунуштайт.
- Ырчы Эмил Балтагулов күзүндө борборубузда отчёттук концерт берем деп даярданып жүргөн кези.
- Жаныш Момунов “К-52” эстрада тобу менен биргеликте Алматы шаарындагы жаңы ачылган эс алуу комплекси менен эки айга келишим түздү. Эми бул топтун ырлары Казакстанда жаңырмакчы.
- Түштүк жергесине концерт коюп келишкен ырчылар Мая менен Айнура Салахидинова эми түндүк аймакты түрө кыдырууга даярдык көрүп жатышат.
- Ильяз Андаш Орусияда гастролдоп жүрөт. Ушул айдын аягында борборубузга кайтат.
- “Сахнага өз атым менен чыгам” деген Айдин Шер учурда борборубуздагы кафелердин биринде музыкант болуп иштөөдө.
- Ынак Осмоналиев “Жан досум” аттуу ыр жаздырууда.
- Омар Италияда бир күн концерт коюп, бир апта эс алып келди. Эми “Любовь” деген ырына клип тарта баштады.
- Курмангазы Азыкбаев Бишкектеги чет өлкөлүк жарандарга кыргыз аспаптарында ойноону үйрөтүүдө. Ошондой эле август айында Калифорния штатына аттанарын кабарлады.
- Абидин Темиров жакында биринчи жолу оркестр менен сахнага чыгам деп турат. Андан сырткары улуу залкарлардын чыгармаларын аккордеон менен да ырдап чыксам дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2