«ЖҮК ТАШУУЧУ» ЖЕЙСОН СТЭТХЭМ ЭМЕС
№451 24-30-июнь, 2011-жыл
Баарыбыз сүйүп көргөн “Жүк ташуучу” тасмасынын уландысы Ниццада тартылууда. Тасманын сюжети мурункудай эле, профессионалдуу ташуучу Фрэнк Мартин эч суроосуз ар түрдүү жүктөрдү өз дарегине тез жеткирет. Болгону, баш каармандын ролун бул жолу Крис Вэнс аттуу актёр ойномокчу. Тасманы тартууга 48 миллион доллар сарпталган. Жаңы тасманын айырмасы – сюжетинин сериал катары берилеринде. “Жүк ташуучу” эми кандай өзгөрөт, тасма чыкканда күбө болобуз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0