2011-жылдын январынан тартып июнь айына чейин чет өлкөлөрдө ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргызстандын 800гө жакын жараны кармалып жана жаза мөөнөтүн өтөөдө.
Эң көп сандагы тартип бузуулар Орусияда катталган. Анда кыргыз жарандары тарабынан 376 кылмыш жасалса, Казакстанда – 212, Өзбекстанда – 69, Тажикстанда – 20, КЭРде – 20, Беларуста – 12, Түркияда – 9, Украинада – 8, Германияда – 7, АКШда – 6, БАЭде – 6, Корея Республикасында – 3, Индияда – 3, Италияда, Чехияда, Индонезияда, Иранда, Ооганстанда бирден кылмыш иштери жасалган.
Жарандарыбыз чет жерде баңгизатын ташуу, денеге оор жаракат келтирүү, талап-тоноочулук жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кылмыштары үчүн сот жообуна тартылышкан.
Жогорудагылар туура баамдашыптыр. Кошумчам: качан олконун кызыкчылыгы