Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БӨЛҮНБӨ, КЫРГЫЗ, БӨЛҮНБӨ! же антитрайбалист Өмүрбек Текебаев тууралуу эки ооз кеп

№453 8-14-июль, 2011-жыл


Ар бир шайлоо алдында, айрыкча ажо тандаар алдында биздин көпчүлүк саясатчылар «түндүк-түштүк» деген эскирип бүтпөс оюнду козутуп баштаары баарына маалым. Анан оюнда кыпындай бөлүнгүсү жок карапайым калкты «дүжүр» чалдар «ал биздин бала», «өзүбүздөн болсун» деп башын айлантып, бузукулуктарын башташат. Бул кокту-колот, ашуунун ары жагы, бери жагы болуп бөлүнүү Кыргызстандын өнөкөт оорусуна айланды.

Ошол вирустай жугуп, ач кенедей жабышып чыкпаган түндүк-түштүк болуп бөлүнүү дартына учурдагы саясатчылардын кимиси чалдыкпаган? Саясий серепчилердин пикирлерине көз жүгүртүп отуруп, антитрайбалист деген мүнөздөмө Өмүрбек Текебаевдин дарегине айтылып келгенине ынандык.
Азыркы тапта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк тургундары “Текебаев түштүктүн кызыкчылыгын сатты” деген кыязда күнөөлөшөт. Акаев башкарган мезгилде “Ата Мекен” партиясы дал ушул аймактарда таасирдүү жана популярдуу болчу. Себеби ошол жылдары түштүктүн эли көбүрөөк оппозициялык маанайда эле. Бекеринен биринчи төңкөрүштүн да “туулган жери” түштүк аймагы болгон эмес.
Март революциясынан кийин мамлекет башчылыкка Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Текебаев келди. Карапайым элдин, канчалаган азаматтардын аркасында бийликке келген Бакиевдин акыйкаттыгы, “өлкө үчүн” деп күйүп-бышканы көпкө узабады. Эл алдында берген убадалар унутула баштаганда ЖКнын спикери көпчүлүктүн көзүнчө Бакиевди кескин сындады да, өз арызы менен кызматтан бошоп кетти. Кыскасын айтканда, принципке туруп, үлкөн кызматтан өз эрки менен баш тартып койду.
Бакиевдин ээрге кыйшык отуруп, туура эмес жолго түшкөнүн Өмүрбек Текебаев ошол кезде эле кан какшап айта баштаса, жалпы эл анын жамандыгын кыштын кычыраган суугунда жарыксыз калганда, электр энергиясынын баасы асмандаганда, ажонун эрке талтаң уулу Максим Бакиев Кыргызстандын ири ишканаларын менчиктештирип, атасынан мурас калгандай ээлик кыла баштаганда, кыргыздын калкы “5 миллион койго айланганда” көрүп, биротоло түңүлдү.

ТҮБӨЛҮКТҮҮ ОППОЗИЦИЯЧЫ
Кыргызстанда “оппозиция” жана “Өмүрбек Текебаев” деген сөздөр бир туугандай болуп калган. Айтылуу туңгуч ажо Акаев, андан кийин Ак үйдөн кан менен кеткен Бакиев, азыркы таптагы айым президент Отунбаева да Текебаевдин тепкисине чыдай албай убара. Эмне мынча бул адамдан чочулашат? Кимиси бийликке келбесин, эң биринчи жана негизги атаандашы катары ушул адамды көрүп, тымызын да, ачык да бут тосууларды баштайт. Эмне үчүн?
Жогорку Кеңеште эле туулуп, ошол жерде эле келе жаткандай туюлган “Ата Мекен” лидеринин саясатка кандайча аралашып калганы деле сөз кылууга арзыйт. Азыркы жоон топ саясатчылар сымал бизнесин коргоо максатында эмес, карапайым калктын үнүн жогору жакка жеткирем деп жүрүп бул чөйрөгө аралашкан.
Ал кезде окуучуларды айлап-айлап пахта тердирип иштетип, бели ката элек мектеп балдарынын эмгегинин үзүрүн кайран Компартия жакшы эле көрбөдүбү. «Ата Мекендин» учурдагы лидери ошол мектеп балдарынын кызыкчылыгы деп саясатка кадам таштаган. “Окуучуларга пахта тердирүүнү токтотуу керек” деп стартын баштаган жаш саясатчы бүгүнкү күндө өлкөнүн бараандуу мыйзамчысы. Парламенттин босогосун аттагандан бери бийликтегилердин былыктарын көзгө чукуп көрсөтүп келет.
Бийликке каршы күрөшкө көп эле саясатчы катышканы менен, бийлик тарабынан кысым күчөгөндө ширин жандуу ал саясатчылардын бир тобу бизнесин жана жанын корголой чет өлкөгө кире качышпадыбы. Дагы бир тобу ошол митингдерде кыйкырып жүрүп эле жең ичинен бийлик менен тил табышып, премьер-министр, вице-премьер министр, эптегени КТРге барып эле отуруп калып, эртеси саймедиреп бийликтин ырын ырдап чыга келишти. Алардан айырмаланып, Текебаев Кыргызстанда активдүү саясий күрөшүн улантып жатты. Мына ушул маалда бийлик түштүк жергесинде антитекебаевдик саясатты кызуу жүргүзүп, “түштүктүн кызыкчылыгын сатты” деген ойду карапайым калктын мээсине сиңиргенге жетишти. Аны жаманаттылоо кызуу жүрүп жатканда «ата мекенчинин» тегерегинде эле жүргөн «достору» ичтен тымызын кубанып турушпадыбы, «дагы бир аз жаман көрсөтө түшүшсө экен» деп.
24-мартка салыштырмалуу 7-апрелде лидери жок төңкөрүш болду. Тарифтердин кымбатташы, уюлдук байланышка салынган 60 тыйын салыгы жана башка кыйынчылыктар элди көчөгө чыгууга аргасыз кылды. Кайрадан бийлик-жилик бөлүштүрмөй башталганда Өмүрбек Текебаев өлкөгө аба-суудай керек болгон Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөрдү.
Президентти Ак үйдөн кубалап ийип эле үй-бүлөлүк башкарууну токтото албасыбызды, кыргыздын ажолору мурункунун таз кейпин көрүп, андан сабак албай турганын түшүнүп, “системаны биротоло түп тамырынан өзгөртүү керек” деп элди артынан ээрчитти. Бул адам илгертеден эле парламенттик башкарууга өтүү, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү деген идеяларды сунуштап, аны бүгүнкү күнгө чейин кармап келе жатпады беле. Мунусу менен ал башка саясатчыларга караганда баары бир өз позициясына бекем турган реформатор экенин тастыктай алды.
«Бийлик тийбеген үчүн сындайт» деп Текебаевдин негиздүү сындарын башка нукка бургусу келгендер да бар. Чын эле ич күйдүлүкпү? Мисалы, Өмүрбек Бабановдун айланасында чуулгандуу иштер башталып, Жогорку Кеңештин трибунасында орустардын депутаттары күпүлдөгөндө эмне деди эле? “Орусиянын депутаттары биздин төрүбүздө отуруп алышып, «Бабанов сыяктуу адамдар эки өлкөнүн мамилесине зыянын тийгизишүүдө» деп өкмөттү сынга алышты. Жакшыбы, жаманбы, Бабанов – биздин бала. Сындайбызбы же мактайбызбы, ал биздин иш. Сырттан келип алып сындаганга эч кимдин акысы жок”. Ич күйдүлүк кылган адам мындай сөздөрдү айтмак эмес. Тескерисинче, көктөн издегени жерден табылып, «туура айтышат» деп кол чаап чыкпайт беле?

ИЧТЕН УРУЛГАН СОККУ
Бир канча жылдан бери активдүү саясатчы катары келе жаткан Текебаевдин айланасындагы окуяларга көз салып отуруп, бул адамга бет алдынан чыгууга даабай далысынан бычак уруулар да, атайын бут тосуулар да болгондугун байкайсың.
Буга мисал, кечээ бакиевдик бийлик менен чогуу күрөшүп, бийликке чогуу келген санаалаштары июндагы түштүк окуяларында Текебаевге каршы негизсиз каралоолор башталганда унчукпай тымпыйып отуруп алганын кандайча түшүнсө болот? «Ош окуяларында күнөөсү бар» делинип Текебаевге көө жабыла баштаганда алгач Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары, кийин Өткөөл мезгилдин президенти катары бардык бийлик, демек, жоопкерчилик да анын колунда турганын моюнга алып, Роза Отунбаева санаалашын коргоп алууга жарабады.
Роза Исаковнанын коалицияны куроо кезиндеги аракеттери да бүгүнкү күнгө чейин түшүнүксүз бойдон калды. “Эгер Атамбаев парламентте көпчүлүктү курай албаса, экинчи сунушту Текебаевге берем” деп отуруп эле сөзүнөн тайып, мүмкүнчүлүктү Бабановго кармата салды. Айтор, бир нече жыл ийиндеше авторитардык системага каршы күрөшүп келген санаалаштары бийликке келгенде эле Текебаевге далысын салып кеткенин санай берсең, мисалдар көбөйүп кетчүдөй.

СЫРТТАН УРУЛГАН СОККУ
2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында “Ата Мекен” лидерине күчтүү соккуну Орусия өңдүү чет мамлекеттер да урбай коюшкан жок. Алардын аракети түшүнүктүү. Алтын-күмүш, сурьмасынан тартып Менделеевдин системасындагы бардык элементтери бар, таза суу, энергетика боюнча келечектүү, анан да Кытай өңдүү үлкөн өлкөнүн кошунасы, Ооганстан сыяктуу чырдуу, бирок пайдалуу өлкөгө жакын жайгашкан Кыргызстандын баш көтөрүп өз алдынча болуп кетишинин башка державаларга кереги жок. Кыргызстандын башына принципиалдуу, тең ата сүйлөй алган, өлкөнү өнүктүрсөм деген деми бар адамдын келишин алар каалашпайт. Аларга күн карама, ар бир кадамын Маскөөнүн чоңдорунан уруксат алып таштай турган адам керек болчу.
Ошондуктан шайлоо алдында чет өлкөлөр активдүү түрдө Кыргызстандын ички саясатына аралашып, өзүлөрүнө пайдасыз адамды боктоп, өздөрүнө керектүү адамды таңуулап эле мактап калышпадыбы. Бул нерсе, тилекке каршы, карапайым калктын ой-туюмуна таасирин тийгизбей койгон жок.

Айбек Нурадилов



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(29)
11.07.2011. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба туура жазылыптыр, тилеке каршы президенттик шайлоодо бул адамдын женип чыгуу мумкунчулугу аз болууда.
11.07.2011. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл учун иштейм-деген эр азаматыбыз женип чыкса кандай жакшы болоор эле.
11.07.2011. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5млн. тундук -туштук болобуз,
башкалардай 20-30млн.болсок - каптал, бурч,чыгыш-батыш, тундук-туштук, усту-асты болуп жатып калмак окшойбуз..
карапайым калк болунбойт башынан эле, былыктын баарын ушул саясатчылар эле кылышат...
11.07.2011. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Текебаевди сыйлайм арты таза учун бийликти сындап жатат да,азыркы бийлик деле мурунку Бакиев кан ичкичтин саясаты менен эле иштеп жатышпайбы, коррупция дегенди жоёбуз деп кыйын болушту эле кайдан жоймок тугул булар деле белчесинен батып жатышат, чон-чон постордун баарын ушул эле бийликтин тууган-уруктары, таяке-жээндери, анан калса ойноштору ээлеп алып иштеп жатышат, бийликке Текебаевдер кишилер келиш керек деп ойлойм
11.07.2011. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактаган адамды таапсынар!Конституцияны озбекче которобуз дегени учунбу?Текебаев ото куу адам,моментти кай жерде,кантип пайдаланышты билет. Иш берсен колунан эч нерсе келбейт,бирок элдин журогундогу койгойун байкап билип туруп,бийликти сындап койот.
11.07.2011. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliz, качан иш берилди эле? Иш деп аткаруу бийлигинин ишин айтып жатасызбы? Же эл өкүлдүкпү? Менин оюмча, ал депутат катары башкаларга салыштырмалуу эң көп эмгек кылса керек!
11.07.2011. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliz, Конституциябыз кайсы тилге которулбасын, анда Кыргыз жери бөлүнгүс, кыргыз тили мамлекеттик тил деп даңкталып, баркталып жазылып турат. Андыктан сиздин аргументтериңиз түшүнүксүз. Колдон келсе Манасты дагы башка тилдерге которуп жайылтыш керек.
13.07.2011. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliz, сен негизи фактыга таянасынбы же ушакабы??? Сабаттуу дегендерибиз ушинтип жаткандан кийин карапайым калкыбыздын башы айланары айныксыз экен да! Эгерде саясатты анча тушунбосон, анда тынч эле сериал коруп отурчу ээ, денгээлинди тушурбой!!!!!!
11.07.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Материал мактаныч туюлса да, негиздүү жана далилдүү жазылган деп ойлойм...
11.07.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коптон бери мактап эле келесинер Супер Инфо.анан дагы шайлоо да жакындап атпайбы.)туура,бийликтеги башка адамдардын каталарын тапкан учун.бирок Текебаевге деле ишенич жок.
11.07.2011. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевге мен ишенбейм.Президент Адахан Мадумаров болуш керек деп ойлойм.
12.07.2011. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok,А.Мадумаров кыргызстанга эмне кылды? 7апрельде кайда журду мекендештери кырылып жатканда, бул кишинин колунан кошоматтык кылып ким мактап, мансап берсе ошонун ырын ырдап кете турган адаты бар, эсинде болсо бакиевге чапан жабып, максимдин колуна кымбат баалуу камчы карматып, кошомат кылып жургон суроттору бар!!!
11.07.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"...азыркы таптагы айым президент Отунбаева да Текебаевдин тепкисине чыдай албай убара" башкасы го макул, мобу жери апыртылгандай аша чапкандык го. Эмне болуп убара? Жакынкы кундордогу озуно айтылган жуйоолуу чекиликке жооп бербестен, каяша айта журт башында турган адамга опурулганын мен катачылык деп эсептейм. Ошону менен упай топтойм дедиби, айтор тушунуксуз болуп калды. Сыйлаган саясатчым эле, мен учун абройу ылдыйлай тушту. Роза айым, ошол эле парасаты менен калды, андан эч нерсе болгон жок.
12.07.2011. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, менин оюмча Текебаев болбосо Отунбаева деле Бакиевдин кейпин кийип калышы мумкун эле. Конституциядан баштап акыркы шайлоо мыйзамдарына чейинки реформаторлук нормалардын автору Текебаев болду. Отунбаева бийликке азгырылып баратып аран калганын анын акыркы аракеттери (айткан создору эмес) далилдеп турат. Эстесениз, Отунбаева Текебаевге биринчи опурулганда гана ал озун коргогонго аргасыз болду. Отунбаева Атамбаев менен бирге 7-апрелден кийин эски конституцияны калтырмакчы болгондо караманча к
12.07.2011. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каршы чыккан Текебаев болду. Бийликке жеткен адам драконго айланып кетет деп Атамбаевдин айтканы чын окшойт. Отунбаева драконго айланбай калса демек Текебаев аттуу дарынын таасири десек болчудай.
12.07.2011. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, Эгерде сиз саясатчыларды буга чейин чындап эле принципиалдуулугу учун жактап келген болсонуз, мен гарантия берем, сиз бир куну Текебаевдин тарапкери болуп каласыз. Ишенип коюнуз ;)
12.07.2011. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qqqqq, саясаттагы маанилуу журушторго жакшы эле коз салып келаткандай болдум, озгочо апрелден беркисине. Отунбаеваны Бакиевдин бийлигин (Бакиев, Бакиев болуп, жанындагы кошоматчылары борк ал десе баш алып турганында) кескин сынга алган кайраттуу саясатчы катары билчумун. Анан реформатордук нормалардын автору Текебаев болду дегенге кошула албай турам. Убактылуу окмоттун кучу ошол кездеги биримдигинде болду да, болбосо бири дагы бири бирисиз эч нерсе кыла алышпайт эле. Журт башы катары коргон мучу
12.07.2011. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
луштукту айтканында, жулуна калбай эле, мурунку парасаты менен жооп берсе болот эле. "Кыдырганын токтотсун" деген тариздеги соз, жону жок эле селсаяктап жургон адамга жарашат эле. Отунбаеванын иш сапарларынан, олутту создорунон ойлонулбаган кадамдарды коргон жокмун.
12.07.2011. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, айтчы, ушул кыдырып жургон сапарларынан кыргызстанга бир пайда туштубу?
12.07.2011. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откоол мезгилдин катаал жоопкерчилигин алып, президенттик милдетти моюндарына башкалары алса, Отунбаеванын конституцияны тууралоого билими да, тажрыйбасы да Текебаевден кем калышмак эмес.
12.07.2011. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eeee biri olup biri kalbaiby,nadael ushul saiasatchylardan ,birida KG dy onuktyrboit,baary oz kyzykchylygyn oiloit
12.07.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын Арман, баары оз капчыгын толтуруш учун эле келе жатышат. элди грамм ойлогон киши жок араларында. тфу ушул талапкерлерге!!!!!!
13.07.2011. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаева президент болгондо копту куткон элем, бирок, тагдырдын тамашасыбы ал да мурунку бийликтин жолуна тушту. Айткан созу менен кылган иши топ келбей калды! Текебаев анын кыйшык жолго тушконун айтып жатпайбы?! Туура кылды деп ойлойм, анткени Текебаев элдин камын ойлогон адам! Жана ат салыша тургандардын эн татыктуусу!!!!!!!!!!!!
13.07.2011. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто "Отунбаева айылчылаганын токтотсун!" деген Омурбек Текебаевдин созу эки жумадан бери хит болду.
14.07.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаева нормалный эле иштеп атат, пока айланасындагылар кудай кылып коюшпаса, ал эми Текебаевго профи саясатчы, бир билгени бар
15.07.2011. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президенттике бир гана Камчыбек Ташиев татыктууу...
15.07.2011. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурдагы саясатчыларда ыйман жок, кимиси болбосун бийликке келгенде убадаларын унутуп, оз билгендерин кыла баштайт. Ал эми ыймандуу адам саясатчы боло албайт. Себеби, он адамды алдасан алдамчы, миндеген адамды алдасан саясатчы болосун деген соз бар эмеспи. Бирок, улам кун откон сайын ыймандуу жаштар кобойуп коом да озгоруп бара жатканы сезилет. Жараткан ошол болочок саясатчыларга ыйман берсин. Бул менин жеке оюм жана азыркы саясатчылардын арасында ыймандуусу болсо кечирим сурайм.
18.07.2011. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенгиле НАЧАР адам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: