Серепчилердин айтымында, президенттик шайлоого жеңип
чыгууга Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев жана
Камчыбек Ташиевдин мүмкүнчүлүктөрү чоң.
Кыргызстандын 4-президентин шайлоо күнү 30-октябрга белгиленди. Элдин эми “30-октябрь тынч өтсө экен” деп тилей баштаары бышык. Анткени шайлоо күнүн белгилөөнүн өзү Ак үйдүн ичинде нечендеген көшөгө артындагы оюндарды жаратты. “Ажо болом” деп төш каккандар эчак эле үгүт иштерин тымызын башташкан.
Президенттикке талапкерлердин тизмеси расмий жарыяланбаса да, кимдердин ат салышары билинип калды. Административдик ресурстун кожоюну болуп турган өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү башкалардан жогору экени айтпаса да түшүнүктүү. Тажрыйбасына болбосо да, акчасына ишенген Өмүрбек Бабанов бар. Ал эми “ата журтчулардын” казанында бир канча кочкордун башы кайнайт. Депутат Камчыбек Ташиев Ош менен Жалал-Абадды жаздан бери түрө кыдырып жүрсө, Марат Султанов да Орусия менен Казакстандагы “демөөрчүлөрүнө” коңгуроо кагып отурган чагы. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевди оппозициялык өкүлдөрдүн ичинен салмактуу дешсе, андан сырткары Акылбек Жапаров, Адахан Мадумаров, Темир Сариевдин да катышары айтылууда. Дайыма ушундай маалда гана пайда боло калып, аркы жээктен бул жээкке секире берери менен белгилүү Өмүрбек Суваналиевдин башы Феликс Куловдун колтугунан көрүнө баштады.
1.Мадумаров. Бул мырза дайыма чон кызматтарды ээлеген, бирок эч качан экономика тармагында иштеген эмес. Депутат,Вице-премьер,Спикер, Госсекретарь болуп иштеген, бирок-бул креслодо мээси менен эмес тили менен сайрап иштей турган жумуш эле.Ошентседа эч кандай эсте кала турган жумуш аткарга жок. "Минус" да бералбайм, "Плюс" да бералбайм.
Сүрөттүн эң үстүндө К.Ташиев туруш керек эле,анан Ө.Текебаев менен А.Атамбаев "чымчык нанын жеп кетти"ойношуп 2-чи жана 3-чү катарды ээлешсе жакшы болмок.К.Ташиев президенттике ат салышууда N"-1 деп ойлойм!