Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты: «КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫШЫНДА БАНКРОТ КҮТӨТ»

№454 15-21-июль, 2011-жыл


Биздин кезектеги каарманыбыз жакшы-жаман жаңычыл ойлору менен көбүрөөк таанымал. Баарлашуубуз ортолоп калганда “өзүң сурап калдың, эми мени ук, эки айдан бери жаткан бугумду чыгарып алайын” деген Акылбек мырзанын төгүлүп-чачылган маегин сунуштайбыз.

  • Акылбек Жапаров Үсөнбекович – Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясы.
  • 1964-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
  • 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун аяктап, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүргөн.
  • 2000-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты.
  • 2005-жылдан 2007-жылга чейин Экономика жана каржы министри.
  • 2007-2009-жылдары Экономикалык өнүгүү жана соода министри.
  • 2009-2010-жылдар ичинде КРнын Биринчи вице-премьери болуп турган.
  • Үй-бүлөлүү. 2 кыз жана 1 уулдун атасы.

БУЗУЛГАН ЭЛГЕ БУЧУК БИЙДИ БУЮРАБЫ?
– Өткөн ишемби күнү “Ар-намыстын” съезди болуп, анда президенттикке көрсөтүлгөн эки талапкердин бири катары сиз азыраак добуш топтоп калыпсыз. Анын себеби эмнеде?
– Партиянын съездине бир күн калганда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда түнкү саат 12ге чейин жүрдүк. Негизи, партиянын саясий кеңешинин квотасы боюнча 120 делегат катышмак, бирок биз эртеси съезд өтүүчү жайга барсак, делегаттардын саны 178 киши болуп кетиптир. Өңчөйүн эле Бишкектен келгендер түзүп, аймактардан келүүчү тиешелүү делегаттар камтылбай калган. Башталгандан тартып уюштуруу комитетинде ыр-чыр чыкты. Шайлоосу да өтпөй калды. Анан буга байланыштуу күнөөнүн баарын уюштуруу комитети эмес, партиянын лидери Феликс Шаршенбаевич мойнуна алды. Ал мага: “Съезд даярдалып жатканда жакшы көңүл бурбай калдым”,- деди. Бирок жыйында мага “ишеним көрсөткүлө” деген маселени койгон болчу. Ошентип, бир топ мүчүлүштүктөрдүн айынан съезд токтолуп, жакынкы арада экинчи баскыч менен өтмөй болду.
– Эгерде кийинкиде добушту жетишерлик топтосоңуз, президенттикке катышасызбы? Сиз буга даярсызбы?
– Биздин саясий кеңештин чечими боюнча “Ар-намыс” президенттик шайлоого катышат. Бирок ким катышат, аны делегаттар тандайт.
Өзүмө токтолсом, буюрса деп турам. Президент болуу – Кудайдын буйругу жана элдин колдоосу. Мен түрдүү мамлекеттик кызматтарда иштеп, ар кандай ведомстволорду да жетектеп келгем. Соңку 15 жылдан бери президенттик даярдык үчүн аракеттин үстүндөмүн. Муну бала чактан бери максат кылып койгон элем. Менин өзүмдүн экономикалык программамдан тышкары кантип мамлекетти эффективдүү башкаруу керектиги жөнүндө пландарым бар.
– Интеллектуалдык жана моралдык жактан даяр экенсиз. Анда материалдык жактан кандайсыз?
– Акыркы 20 жылдан бери материалдык жагы эң ири аргумент болуп калган. Орустарда муну “ашказандын философиясы” деп коюшат. Эсимде, кичине кезимде жөн эле көчөдө жүрсөм, аксакалдар токтотуп алып: “Мурдуңду урайын, кимдин баласысың? Отур мындай, сага бир бата берип коёюн”,- деп калышчу. Азыркы чоң аталарыбыз “куру аякка бата жүрбөйт” дешип, биздин салтыбызга жат көрүнүштөрдү киргизип жатышат. Анткени дал ушул шайлоолордо “акчасын ала бергиле да” деп жүрүп, өзүбүз коомду деградациялап жибердик.
Казакстан, Орусия сыяктуу чет мамлекеттерге чыгып калганымда ал жактагы теңтуштар “бузулган элге бучук бий” деп шылдыңдап калышат. “Акчам көп, ошол үчүн президент болом” дегендерге ашказандан сырткары жүрөк жана акыл-эс да бар экенин баса белгилеп айтмакчымын.
– Шайлоонун таза өтүшү үчүн Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзамдарды карап чыктыбы?
– Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков жана башкалар шайлоого байланыштуу түрдүү маселелерди көтөрүп чыгышты. Таза шайлоо болбогондуктан, бизден экөө качты. Өткөндө Орусияда менден “Кыргызстанда үчүнчү революция болобу?” деп сурашты. Мен “Үчүнчүсү качан болорун билбейм, бирок төртүнчү революция сөзсүз болбойт. Анткени ал учурда Кыргызстан деген республика жок болуп кетиши мүмкүн” дедим.
Административдик ресурсту минимумга түшүрдүк. Эгерде бир адам экинчинин ордуна добуш берсе, 200 миң сом айып пул төлөйт. Ал эми аким мектептин директоруна чалып, мугалимдерге “белгилүү бирөө үчүн добуш бер” деп айтканы тастыкталса, ал 5-10 жылга чейин соттолот. Буюрса, мунун баарын сентябрдын биринчи күндөрүндө Жогорку Кеңеш кабыл алып берет.
– “Ар-намыстын” экинчи адамы катары айта аласызбы, бул партиянын коалицияга кирүү процесси качан аяктайт?
– Мен дагы жообун билгим келет. Өзүм да тушалып турам. Сүйлө­шүү­лөр дале жүрүп жатат.
Бирок мамлекет оор абалга бара жаткан кез. Муну мен экономист катары айтып коюшум керек. Баалар күн санап өсүп жатса, өкмөт жакында өтүүчү шайлоонун шарапаты менен жүрөт. Өкмөттүн ушул күнгө чейин экономикалык программасы жок. Же болбосо Алмаз Шаршенович премьер болуп жатканда “буюрса, бир айдын ичинде программаны алып келем” деген. Биз дале күтүп жатабыз. Ыгы менен деле, ыгы жок деле Кудайды эстей баштаганы туура эмес.
Бюджеттин дефицити кыскарган жок. Азыр Кыргызстандын рыногунда керек болсо сом калбады. Айлык кескин көтөрүлүп кеткен соң Улуттук банк рынокто болгон сомдун баарын алып кетүүгө аракет кылууда. Бул көрсөткүчтүн баары өлкөнү октябрь же ноябрда эң чоң каатчылыкка алып барат. Грецияга окшоп эмдиги жылдын жаз айларына чейин Кыргызстан да банкрот деп жарыяланышы толук ыктымал.
– Биринчи вице-премьер, министр болуп тургансыз, азыр активдүү депутаттардын бирисиз. Бүгүнкү статусуңузга эмне салым кошту?
– Мен бир да жолу жумуштагы жетекчилерден уруш уккан адам эмесмин. Ооба, мүнөзүм чатак. Оюмдагыны ачык айтып, чындык сөз үчүн көшөрүп тура берем. Жакында эле Алмаз Шаршенович “Акылбек инимде баары бар экенин билем, бирок тили да бар” деди. Өкмөт башчы үч-төрт жолу экономикалык тармактагы кызматта иштеп берүүмдү да сурады.
– Бишкекте аптап. Эс алууга чыгасызбы?
– Тилекке каршы, эс алууга убактым болбойт. Шайлоого байланыштуу көп маселелерибиз бар. Кудайдын буйругу болсо, эртеңки күндү тилеп коюу менен иштеп эле жатабыз.

«УЯТ ДЕГЕН КИШИ ТОКМОКТОП КЕТЕТ ДЕЧҮМҮН»
Бүгүнкү депутат бала кезде ата-энесинин урушунан же чымчып коюусунан эмес, көбүрөөк “уят” деген кишиден коркчу экен. Себеби Акылбек Жапаров кичинесинде үйдөгүлөрүнөн “короону шыпырып койгула, кокуй, эл көрсө, уят” же “конок кеткенден кийин деле жей бересиңер момпосуйду, столдо жок болуп калса уят болот” деген сөздү көп укчу тура. Ичинен “чоң кишилер да конфет жемек беле?” деген Акылбек мырза бала кыялы менен “ии, Уят деген олбурлуу чоң киши болсо керек. Бизди уруп койсо эмне болот?” деп чочулап турчу экен.
“Көрсө, уят – кыргыздардын кы­лым­дардан бери келе жаткан тарбия­лоо системасы турбайбы”,- деди Акыл­бек Жапаров. Анын айтымында, өмүр бою уят деп жашап келет. “Ата-энебизди уят кылбайлы деп жакшы бааларга тырыштык. Кийин билим берген мугалимдерди жер каратпайлы деп Кочкордон келсек да, шаардыктар менен чогуу тең окудук. Үй-бүлөлүү болгон соң аялыңдын бети сен үчүн кызарбасын деп тытынып иштедик. 48 жаштын тамагын жеп калганыма карабастан, билимдүү жаштардын алдында жүрөйүн деп илимге да малынып алдым. Кандидаттыгымды жактап, экономикалык модернизация жөнүндө диссертациямды ийгиликтүү аяктадым”,- деген Акылбек мырза өз күрөшүн баяндады.

«АПАМ ГЕЗИТТЕРДИ ОКУП, КАПА БОЛОТ»
Каарманыбыздын атасы 1986-­­­­­жы­­­­­лы эле эрте кайтыш болгон. Ал учурда Акылбек Жапаров институтту аяктап, аспирантурага кетейин деген кези болчу. Бирок үйдүн улуусу болгондуктан, өзүнөн кийинки бир карындашы жана үч инисине каралашуу үчүн окуудан калат. “Атам санитардык врач болуп иштесе, апам инженер-технолог эле. Быйыл апамдын 70 жаш мааракесин белгилейбиз. Ал 15 жылдай Кочкордогу сыра чыгаруучу заводду жетектеп турган. Азыр неберелери менен үйдө”,- деди.
Ар бир эле апа өз баласын аман болсо экен дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Акылбек мырзанын апасы да ошентет. Бир мүнөздүү. Аз сүйлөп, көп окуп-жазган киши. Каарманыбыз жөнүндө жазылган сын макалаларды окуп, кээде капа болот.
Акылбек Жапаров 6 бир тууган. Эң улуусун атасынын бир тууган эжеси багып алган. 3 иниси бар. Алар жеке ишкер, Ички иштер министрлигинде жана бирөөсү бажы кызматкери. Ал эми жалгыз карындашы эл аралык мекемелерде эксперт болуп иштейт.

«КИЧҮҮ КЫЗЫМ АЖАРА – МЕНИН ХОББИМ»
Жакшы-жаман күндөр чогуу жүрөт эмеспи, ошого байланыштуу Акылбек Жапаровдун эрмеги – 5 жашар кызы Ажара. “Кызымды өт­көөл мезгилдеги хоббим дейм. Азыр экөө­бүз отуруп алып тамга үйрөнүп жатабыз. “Жаман өз жаатын мактайт” деп коюшат го, бирок чынында эле кызым интернетти жакшы билет. Кадимкидей видео жүктөлгөн сайттарды ачып, өзү мультфильм тандап көрө алат. Кечинде апасы экөөбүз келип, интернет карайлы десек эле анын акчасы түгөнүп калган болот”,- деди жылмайган Акылбек Жапаров.
Улуу кызы турмушка чыгып, не­бе­ре­лүү кылса, ал эми жалгыз уулу Максат Кытайда билим алат. “Кытайда жүр­гөнүнө 5 жылдай болду, үйлөнө элек” деген Акылбек мырзага “кытай кызын ээрчитип келип алсачы?” деп суроо салдык. “Алар кыргызы жок эле көбөйүп жатышат. Өзүбүздүн эле кызга үйлөнөт го. Бирок Жапаровдордун салтын бузат окшойт. Анткени менин ата-энем да эрте бүлө күтүшкөн. Мен да 1-курста эле үйлөнүп алган болчумун”,- деп калды.

«КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТ» ДЕШТИ»
Апрель окуясында Акылбек Жапаров Таласта болгондугу белгилүү. Ички иштердин экс-министри Молдомуса Конгантиев ур-токмокко кабылса, аны убагында митингчилерден алыстатып кетишкен. “Кийин мага Азимбек Бекназаров “Кыргызстандан кетип калсаң болмок” деп жүрдү. Анда мен ага “менин күнөөм болуп же ичип-жеп койсом, түрмөгө отургузгула. Анан мен качып, кайра Кыргызстанга келүү үчүн акча берип отурмак белем” деп жооп бергенмин”,- дейт. Ошентип, Акылбек Жапаров эч жакка кетпөөнү чечет.
Биздин каарманга бир жолу Кубатбек Байболов тамашалай “50гө чейин беш диплом алыш керек” деп айтыптыр. Азыр Акылбек мырзанын үч диплому бар. Төртүнчүсүнө теология тармагын караштырып отурган чагы. “Эки жылдан бери жума намазга барам. Анын үстүнө жашым да ошол чөйрөнү изилдеп чыгууга жетип калды өңдөнөт”,- деп каарманыбыз сөзүн жыйынтыктады.

Эльвира Караева
koom@super.kg



Маек - Акылбек Жапаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
16.07.2011. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yy tyygandar Akilbek Japarovdyn kekirtegi oto chon adam.Parani dagi katira alat.Men oz kozym menen korgom.Tyygandaribizdin birin jumushka kirgizem dep 1000$kabak kashim debei ele alip koigon.Minday adamdarga ishenim artinyynyn kajeti jok.Oto kyy adam korynot.Ychyne kancha tylky kirip ketti eken.
18.07.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообоо депутат болгондон бери эле ушул окмотту сындап келе жатат. Айлык бере албайт бюджетте акча жок деп кыйкырып келе жатты эле, буйруса жакшы эле айлыктарыбызды алып жатабыз. Эми банкрот болот деген эмнеси. Популизимдин да чеги болуш керек го. Бакиевдин убагында кой оозунан чоп албаган момун эле го. Уялбай эми минтип суйлоп жатканын чиркин.
19.07.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Acer,

Кыргызстан чын эле дефолт дегенге ото жакын турат, элдердин салыгынан башка эч кандай киреше жок. Пенсия айлык акы, депутаттардын саякаты деген нерселер м-н биз тез эле Грециядан да жаман абалга келип калышыбыз мумкун. Ошол учун ар бирибиз семьябыз жонундо терен ойлонушубуз керек...
18.07.2011. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адамды угуу керек, жалгыз эмнени кылмак эле. Экономист кучтуу деп эсептейм...
18.07.2011. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
банкрот болот деген оозуна кара таш!!!!
18.07.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылбек убадачыл, созуно турбайт. Адамдарды анча мынча акча же аш-тамак менен эле алдап койом деп ойлойт. Бирок, андай эмес да. Озу эле жек корунду болуп басып журот. Колунан келбеген нерселерди убада кылып коюп , анан артынан ээрчитип жооткото берет экен. Мен мурда нормальный саясатчы экен дегем, 4 айдан бери аралашып журуп, ким экенин билдим. жыргатпайт!
18.07.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо сиз такка отурсаныз койлорго паспорт алыш керек болотко мумкун медкнижкада требует етип калбасаныз!!!
18.07.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кой менен кочкорго нике кагазы да болуш керекби ?????
18.07.2011. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан айтасынар силер Кыргызстанда кышында токчулук,свет очбойт,муктаж уй булолорго комур,отундан камсыз кылабыз деп?Айткан созунор эле банкрот,бюджет тартыш,акча жок дейсинер.Жок,банкротту силер кайталап айта берип Кыргызстандын элин кыйнап буттунор.Жакшы соз жарым ырыс деп коет,мындан кийин жакшы суйлогуло уят болот...
SUPER.KG видео
18.07.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу чондорду короюн деген козум жок.Эч кимисине ишенбейм.Жарытпайт жыргатпайт булар.Бизге жаш муундар керек буларды кетириш керек кетпесе айдаш керек
18.07.2011. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай ай кризис дейт да, биз жалан айлыкта жашасак анан кантип кредит дегенди толойбуз балдарыбыздын контрагын кантип толойбуз, деги жашообуз кандай болот кыргыз элинде.
19.07.2011. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мо кишинин вообще бети жок экен кризис болот дейт, конечно болот, Багамадагы вилланы кайсы акчага алды? Албетте мамлекеттин! Президентке кайсы арына койгон атат, ужас просто кудай анын беттин ар кылсын.
19.07.2011. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адам аябай жээгич абдан начар адам биз жактык киши, бир туугандары киши карабай калган типа байкебиз дегендей
19.07.2011. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозуна таш жакшы соз жарым ырыс дейт Кыргызстан гулдоп онуккон мамлекетке айланат Ач коздун козу топурака тоет дейт
19.07.2011. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар бизди жыргатпайт ко мен эч кимисине ишенбей калдым.Ошл жеп вила сатып алган акчалары бир жеринен чыгат деп ишенем.
19.07.2011. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринен бири отуп мамлекеттин казынасын тоноп жатышса конечно кризис болот да!!!
19.07.2011. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну баякы Таластыктар сабап эле койбой олтуруп коюшса болмок эээ!!!
19.07.2011. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар оздору эле банкрот кылышып жатат, чекесинен жешип жатып! Балдарын Кытайда окутушуп. Менин иним дагы Кытайда окуйт жылына 7000$ окуусуна эле кетет, жеген ичкенинен айтпай эле коеюн :-(.
SUPER.KG видео
20.07.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылбек байке, коч бара бара тузулот демекчи буйурса система оз ыгына убакыт менен калыбына келет буйурса, сиз коп аракет кылышынынз керек, Аллах деп журосуз, чыныгы Кудайдан коркуп оз дитиниз менен бисмиллах деп элдин камын коруу убактыныз, Кудайдын бир берген мумкунчулугун кетирип жибербениз,сиздей саясатчыдан умут менен кутуп келуудобуз, ошону актай алсаныз жакшы болот эле
SUPER.KG видео
20.07.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15 jildan beri araket kilip ishtep keltam deit go.oi borum oi borum kulkum kelip ketti
21.07.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылбектин иниси бар Нурлан деген аябай жаман киши, кыйынсынып байкем бар дегендей кылып эле журот налогдон баарын жеп буткон!
21.07.2011. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мигрант эле болуп журо берет окшойбуз
21.07.2011. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолорго вообще жооп берген эмес,сөздү алып качып өзүн мактап эле сүйлөп салыптыр.Анан да президент болоюн деген ою бар экен.Эгер ажо болсо кышка чейин жеп, олтуруп калган Крны,жаткызып коеюн деген ою м-н Кр "банкрот" болот деп айтып жатат.Ажо болсоңуз 3-чү революция точна болот,4-сү болбойт!!!
SUPER.KG видео
21.07.2011. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылбек агай президент болсо койлорго паспорт алабыз деп чабандар кыйналып калат го.эл башына баргыча бакылдашат анан эле дымып калышат.
21.07.2011. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апеей ботом,Кайдагы созду суйлойт да турат,
Койлор олсо, кара кагаз алабызбы?
Президент болсо, точно банкрот болобуз!!!
Ээлдер абайлагыла.........
мен ишенбейм Акылбек мырзага.
Jakshilikova туура айтасын сага кошулам....
21.07.2011. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман пипец киши экен, ордунда мен босом эшике да чыкпайт элем, кайсы бети менен ТВ чыгып атат!!! Байкуш Кыргыз элим абдан кыйналды! журок ооруйт.
21.07.2011. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshilikova сага200% кошулам.бут кыргыздар мигрант болуп кетсе белый домдогулар оздору менен оздору эле иштеп калмак жыргашып.
22.07.2011. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конечно Кыргызстан банкрот болот,если азыркы бийликтегилер каалаганча ичип -жеп,чонтокторун толтуруп атышса
22.07.2011. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АРЫКТАП КАЛГАНБЫ!(бечара)
24.07.2011. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakievdi uluu urmattuu dep jurgon kishi prezident bolobu )))razmechtalsia
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: