АТАМБАЕВДИ ЖООПКЕР БОЛУУГА ЧАКЫРЫШТЫ
№454 15-21-июль, 2011-жыл
Ушул күнгө чейин былтыркы парламенттик шайлоону үлгү деп айтышат. Бирок ошол эле учурда “соңку шайлоо укмуш таза эмес, добуш берүүчүлөрдү укмуштай чоң акчага сатып алды” дегендер да бар. Бирок кыскасын айтканда, Убактылуу өкмөт бардык саясий күчтөргө тең шартты түзүп берди. Анын ичинде шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү учурунда бийликте тургандар кызматтарын тапшырышкан болчу.
Эми президенттик шайлоого карата биринчи кезекте өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевди өткөн жылдагыдай эле ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө чакырышууда. Анткени Баш мыйзамга ылайык, азыркы премьер-министрдин укугу керек болсо экс-президенттер Акаев жана Бакиевдикине салыштырмалуу эбегейсиз зор. “Президенттик шайлоо таза жана тең атаандаштыкта өтсүн! Жыйынтыгында эң татыктуу талапкер жеңишке жетет”,- деп “Ата Мекен” партиясынын Республикалык кеңешинин билдирүүсүндө жазылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
айлык которулгону менен ар жагында эмне болуп жатат ким билет...саясат тушунуксуз
Казынада акча жок, кузундо дэфолт болушу кутулот деп сайрап атышат. Кором ошол кезде байкуш мугалим, даарыгерлерибиздин корор куну кандай болот экен. Маяналарды которуп, бизди убактылуу алдап турду эле, анысы да анырайып ачылып калды. Алдыга жургон эч нерсе жок, баягы система (коррупция) дагы эле жапжакшынакай иштеп атат.
Ал дейбиз бул дейбиз, кыргыздын "Жаман кой жайытын бир кундо туготот" деген макалына окшоп калды. Элди сооротуш учун казынадагы акчаны болуп берди айлыгынарды которумуш болуп. Эми калганын коро жатаарбыз.