ТАШИЕВ – АЛГАЧКЫ ТАЛАПКЕР
№454 15-21-июль, 2011-жыл
Президенттик шайлоонун күнү 30-октябрга расмий белгиленери менен партиялар өздөрүнүн талапкерин карап чыгууну баштады. Биринчилерден болуп президенттикке талапкерди көрсөтүү боюнча “Ата Журт” озуп чыкты десек болчудай. Партиянын өкүлдөрү ынтымактуу түрдө депутат Камчыбек Ташиевди президенттикке татыктуу деп табышты.
Ошол эле күнү жыйын өткөргөн “Ар-намыс” партиясынын ички катачылыктарынан улам талапкердин ысымын жарыялоо убактылуу токтотулган. Айтмакчы, Феликс Куловдун карамагынан 10 депутаттын коалициялык курамга качкан окуясын жакшы билебиз. Эми андан делегаттар алыстай баштаган өңдүү.
Кийин Жогорку Кеңешке өтпөй калган “Бүтүн Кыргызстан” менен “Жашылдар партиясы” съезддерин өткөрүштү. Жогорудагы партияларга салыштырмалуу буларды “бир лидердин партиясы” деп айтса болот. Андыктан табышмак жаратпай эле, делегаттар Адахан Мадумаров менен Эркин Булекбаевди президенттикке талапкер деп көрсөтүштү. Баса белгилөөчү жагдай, Адахан Мадумаров жыйында 1993-жылкы Конституцияга кайтуу жана күчтүү президенттик бийликти орнотуу зарылдыгын айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
3-айкыйкатчылдык ж.б ал,АТА ЖУРТ учун КЫЗГЫЗ учун куйгон адам
бактысына талапкерлердин ен мыктысы призидент болушун АЛЛАХтан сураналы
кереги жок бир анча мынча депутаттар мамлекетти бала -бакча менен алмаштырып алганбы?Жаш балдарга окшоп биринин айыптарын ачканды эле билишет,оздоруно биринчи суроо бербейби мен киммин деп?