«ЭЛ КАЙДА КӨЧӨТ» БУТЕРБРОДУ
№455 22-28-июль, 2011-жыл
Өзүң жаса
Керектелүүчү азыктар:
-
Нан
-
Сыр
-
Колбаса
-
Каймак
-
Зайтун (оливка) мөмөлөрү
Жасоо ыкмасы:
-
Нанды тилимдерге кесип алабыз.
-
Нанга каймак сыйпап, үстүнө сырдын бир тилимин коёбуз.
-
Эми колбасанын бир тилимин алып, сүрөттөгүдөй кылып кооздоо керек.
-
Колбасаны да нандын үстүнө коюп, эл кайда көчөттүн башын жана буттарын зайтундун мөмөсүнөн жасайбыз.
“Эл кайда көчөт” бутерброду даяр болду. Тамагыңар даамдуу болсун!

УЧКУЛ СӨЗДӨР
-
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
-
Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
-
Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы.
-
Баш – акыл үчүн, акылман – эл үчүн.
-
Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
-
Бирөөгө күлсөң, өзүң ыйлайсың.
-
Досуң миң болсо да аздык кылат,
-
Душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
ЭКИ ОКШОШ СҮРӨТТҮ ТАП
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0