23-июль. Ташкент. “Пахтакор” стадиону. 20:00 (Бишкек убактысы менен)
21-июлда 2014-жылкы мундиалдын Азиядагы 2-тандап алуу оюндарынын алкагында улуттук курама команда Өзбекстан менен беттешүү үчүн Ташкентке жөнөп кетти.
Ташкентке кетер алдында курама командабыз 2 жолдоштук оюн өткөрүштү. 16-июлда “Дордой-2ни” 2:1 эсебинде утса, 18-июлда Кантта “Абдыш-Ата” менен 0:0 эсеби катталды.
Курамга 17 футболчу кирди:
Дарбазачылар: В.Волков (“Дордой”), Р.Амиров (“Абдыш-Ата”).
Коргоочулар: А.Байматов (капитан), Д.Аскаров, В.Кичин (үчөө тең “Дордой”), М.Ажиниязов (“Нефтичи”), К.Шератов, Р.Усанов, В.Шумейко (үчөө тең “Абдыш-Ата”).
Жарым коргоочулар: А.Власичев, (“Дордой”), А.Сыдыков, (“Абдыш-Ата”), В.Хорошунов (“Алга”), Ш.Рахманов (“Нефтичи”), А.Орозалиев (“Нефтичи”).
Чабуулчулар: М.Мурзаев (эркин агент), К.Шарипов (“Дордой”), Р.Жамшидов (“Нефтичи”).
Башкы машыктыруучу: М.Жумакеев.
Эске салсак, жооптук беттеш 28-июль, бейшемби күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда өтөт. Башталышы 18:00дө. Кирүү акысы 50 сом.
Жоопттук беттеште 5-0 гө утканга аракет кылгыла,келечек алдыда чоңдорго жиним келет.
Эгемендүү болгондон кийин спортту өнүктүрсө,мындай көрүнүштөр болбойт эле.
Спорт бул ден соолук,байлык,ынтымактык!кайран КЫРГЫЗ түгөп бүттүккоо..
Супер инфо кичине эле жаман жазган сөздөрдү түздөп коесуздар,ал эми биз ката жазган сөздөрдү да түздөп койсоңуздар сонун болмок эле!