СЫРАНЫН ЗЫЯНЫ
-
Сыраны ашыкча узак убакыт бою ичүү артериалык кан басымдын жогорулашына себеп болот.
-
Мээнин эс-тутумду жөнгө салуучу функциясына доо кетет.
-
Ачуу кошулмалар жана кулмак (хмель) ичтейди ачат. Анын негизинде тамакты көп жеген адамдын курсагы чыгып, ашыкча салмак жаралуусуна алып келет.
-
Бир литр сырада 45-50 грамм таза алкоголь (спирт) бар. Бул 120-130 грамм арак дегендик. Алкоголь мээ клеткаларын өлтүрө тургандыгы маалым.
-
Арактан ичкич болгонго караганда сырадан ичкич болуп кетүү оңой.
СЫРАНЫН ПАЙДАСЫ
-
Сырада В тобундагы витаминдер 50, С тобундагылар 70 пайызды түзөт.
-
Курамындагы көмүр кычкыл газы булчуңдардын, мээнин, өпкөнүн, бөйрөктүн кан менен жакшы жабдылышына өбөлгө түзөт.
-
Сыра Кока-Кола, мөмө-жемиштердин ширелерине караганда аз калориялуу.
-
Сырадагы ачуу заттар бактерияларга каршы таасир берет жана ашказандын иштөөсүн жакшыртат.
-
Адам 1 күндө 1 литр сыра ичсе, ден соолугуна коркунуч келтирбеген болот. 1 литрден ашык ичүү зыян!
P.S. Инфографика Кыргыз өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгаруу, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча даярдалды. Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, 2010-жылы Кыргызстан 48 миллион литр сыра керектеген, «ортодогу 18 пайыздык айырма көмүскөдө» деп жогорудагы агенттик билдирет.
Азамат Абдраев
koom@super.kg
Сыра ичкенден кийин туалетке жүгүрткөнү жаман,туалет таппай калсаң шооруң куруганы!
Суперде МАССОНдордон аралашып калганго дейм