Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого катышуусу жөнүндө так маалымат августтун орто ченинде белгилүү болорун айтты. “Бир аз күтүү кажет. Коомдогу өзгөрүүлөрдү байкап көрүп, кимдер өз талапкерлигин коёруна жараша чечим кабыл алам. Азырынча бир нерсе деп айтууга эрте. Талапкерлерди каттоо 16-августта аяктайт эмеспи, мына ошол күнгө жакын өз чечимимди билдирем”,- деп билдирди.
Андан сырткары премьер-министр “бюджетте кризис болот” деп кыйкыргандар үчүн “өкмөт банкрот болбойт” деп жооп берди. “Бюджеттин аткарылышына керт башым менен жооп берем. Өкмөт айлыкты жогорулатуу менен чектелбестен, пенсияны да көтөрөт”,- деп айтты. Премьер мырза: “Буюрса, тезек тербейбиз, жарык болот, пенсия менен айлыктар убагында берилет”,- деп сөз берди.
Бирок "оозу кйшык болсо да,байдын уулу суйлосун" демекчи колунда бийлиги бар, менин оюмча Атамбаев эле алса керек бул жолкусун...
Пы.Сы. ушул жерде да трайбаолизм журуп жатат ар ким оз тарабындагысын мактап башканы жамандап, айтаар элем Кокондон озбек келип президент болуп, ошол олко учун жакшы иштээри анык болсо ошого добушумду бермекмин...