Бир бүркүм... МЕРГЕН ТУРГАН «КӨК АСМАНЫН» ЧЫГАРАТ
№457 5-11-август, 2011-жыл
-
Жаныш Момунов кыш мезгилине чейин борборго келбейт. Анткени Алматы шаарында музыкант болуп иштөөдө.
-
Гүлшайыр Садыбакасова кызы Сайкал менен “Братандар” аттуу тасмага тартыла башташты. Гүлшайыр эже милиция бөлүмүнүн башчысы болсо, Сайкал балдар үйүндө тарбияланган тентек кыздын ролун аткарат.
-
Асел Турдалиева күзүндө Кытайга жана Дубайга концерт койгонго камынууда.
-
Бакыт Байсариев жакында кызы Майрамдын тушоо тоюн өткөрөт.
-
Турдалы Аскаров Аксуубай Атабаевдин “Махабат” аттуу ырын жаңылап ырдап, клип тарта баштады.
-
“Тамашоунун” оюнчусу Азамат Исмаилов “Сулуулар жана миллион” деген тасмада роль жаратууда.
-
Мерген Турган “Көк асман” деген аталышта ыр жыйнак чыгармакчы.
-
Нурзада Жолдошова Сары-Челек көлүнө эс алууга кетти.
-
Эрнест Абдыжапаров “Күкүк Шахра” деген аталышта тасма тарта баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0