ТЕКЕБАЕВ ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЁБУ?
№457 5-11-август, 2011-жыл
Президент болгусу келгендердин саны көбөйүп жатат. Талапкерлердин арызын 16-августта БШК кабыл алууну токтотот. «Учурда президенттикке ат салышууну каалап арыз таштагандардын саны 32ни түзсө, белгиленген убакытка чейин ажолук такты көздөгөндөр 45-50нүн тегерегин чапчып калат» дешүүдө.
Чү дегенде эле салмактуу талапкерлердин арасынан “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандын” башчысы Адахан Мадумаров, өзүн көрсөткөндөрдүн ичинен Акылбек Жапаров жана Өмүрбек Суваналиев көзгө урунат. 7-апрель революциясынын кожоюндары атыккан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев БШКга арызын берише элек. Учурда алар абал жана мүмкүнчүлүктөрүн салмактап жатышат. Андан тышкары ЖКнын спикери Ахматбек Келдибеков да «президенттикке барсамбы?» деп башын катырып жатканын жар салды.
Айтмакчы, “Ата Мекен” партиясынын съезди 7-августта болуп өтөт. Анда партлидер Өмүрбек Текебаевдин президенттикке көрсөтүлүшү каралат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4
Башка мамлекеттерде 45-50 гө жеткен талапкер болгонбу деген уроо туулат?Эгер бул көрсөткүч жок болсо,анда Рекорд гинесине киргизүүгө сунуш кылышса болгудай!
Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди карап көрсөм баары картаңдар экен(эски бөөрүлөр)Эмне үчүн жаштарга беришпейт?Качанга чейин жеп жүрө беришет?же Жаштардан жокпу президенттике
Туура айтасың Кыргызстанды алдап жей турган опыты бар адамды коебуз.Жаштар Кыргызстанда эмес башка мамлекеттерде иштеп жүрө беришсин.
ROZA mamabyz birinchi president bolot turbaiby el kuup jiberbegen! jakwy