Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КОРЕЯ! АЗГЫРЫКПЫ ЖЕ ЖЫРГАЛ ТУРМУШТУН ДАРБАЗАСЫБЫ?

№458 12-18-август, 2011-жыл


Корейлер катуу кетишти. Романтикалуу сериалдары менен кызыктырып, кыргыз кыздарын “бөктөрүп” кетип жатышат. Жашоодо жалаң гана романтика болсо кана?.. Кореяга турмушка чыгуунун оң жана терс жактарын изилдегенге аракет кылдык.

ЧЕТ ЭЛДИК КОЛУКТУ ҮЧҮН АКЧА ТӨЛӨНӨТ
Маалымат каражаттарында “түштүк кореялык мырзалар... Турмуш куруу максатында...” деген жарнамаларды ар бирибиз эле окусак керек. Учурда Кореяда интернационалдык үй-бүлөлөр көбөйүп жатат. Чет элдик колуктулар көбүнчө Кореянын чет жакта жайгашкан айылдарында кездешет. Корейлер менен турмуш куруу боюнча вьетнам кыздары биринчи орунду ээлейт. Экинчи орунда кытай улутундагы айымдар, үчүнчүдө япониялык айымдар, төртүнчү баскычта америкалыктар, бешинчиде таиланддык, ал эми алтынчы орунду өзбекстандык колуктулар ээлешет.
Корей мырзаларынын башка өлкөлүктөргө үйлөнүп жатканынын себеби корей кыздарынын саны аз. Экинчиден, алар айылдык жигиттерге турмушка чыгууну каалашпайт. Айылдык бойдок жигиттер көбөйгөндөн улам Түштүк Кореянын Кионгсанг провинциясында жергиликтүү бийлик жаңы мыйзам иштеп чыгууда. Мыйзамга ылайык, чет элдик колуктуга үйлөнгөн корей жигитине 6 миң доллар компенсация төлөнмөкчү. Андан сырткары чет элдик колуктуларга бекер тил үйрөтүү курстары иштейт. Алар го тукум улоо маселесин минтип чечип жатышыптыр. Ал эми бакыт издеген кыргыз кыздарынын жашоосу кандай? Бул тууралуу биздин каармандар айтып беришсин.

“КОРЕЙЛЕР КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН АЛЫП КЕЛҮҮМДҮ СУРАШКАН”

Биз Канатты интернеттеги социалдык тармактардын биринен таптык. Ал эки жылдан бери Сеул шаарына жакын жайгашкан Осан шаарчасында иштейт. Өзү дагы телефон аркылуу байланышка чыгып, көптөн берки жүрөк өйүгөн маселелерин айтып берди.

– Канат, Кореядагы кыргыз кыздарынын тагдырын айтып берсең?..
– Эже, карындаштарым Кореяны укмуш элестетишет. Бирок бул жакка чыдаган адам чыдап жашап кетет. Кореяга келгениме эки жарым жылдын жүзү болду. Элиме-жериме болгон сагынычтан башка олуттуу көйгөй – кыргыз кыздарынын тагдыры.
– Алар кандай, тагдыры ушунчалык эле аянычтуубу?
– Кыздар жакшы жашоо үчүн келип жатышат да. Бирок көпчүлүк учурда алар кыял гана болуп кала берет. Биздин 18-19 жаштардагы кыздарды 36-50 жаштагы корейлер аялдыкка алып жатышпайбы. Алардын да көпчүлүгү карапайым турмушта жашагандар. Мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен күн көргөндөр. Эми алган аялы деле ошол турмушта жашайт да.
Кыргыз кыздары бир көрбөй туруп, интернет аркылуу байланышып келип алат да, 1 ай жашагандан кийин бармагын тиштеп өкүнүп калышат. Бул жакка келген кыздарды эшектей иштетет, “акча керек болсо, өзүң таап ал” деп коёт.
– Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн кандай кылуу керек деп ойлойсуң?
– Мунун баарына тең өзүбүз күнөөлүүбүз. Сериалдарды көрүп алып эле корей жигиттерин ак боз атчан ханзаадага окшоштуруп жатышат. Колдон келсе никелешүү агенттиктерин жабуу керек. Ал агенттиктер баарын гүлдүү түстө гана сүрөттөшөт. Ал жакта бир тараптын жеке гана кызыкчылыгы камтылган.
– Дагы кандай маселелер бар?
– Адатта корейлер кеч үйлөнүшөт. Андай мырзалардын аялга болгон кызыгуусу тарап, жыныстык жактан алсыз болуп калышат. Ар кайсы заводдордо күнү-түнү иштеп жүрүп күнү өтөт. Никени кармап кала турган бала да. Балалуу боло албай ажырашкандар андан көп. Мени менен чогуу иштеген 50 жаштагы үйлөнө элек адамдар “кыргыз кыздарын алып келип берсең, көп нерсеге жардам беребиз” дешкен. Бирок мен антип акча тапканды каалабадым.

“БАКТЫЛУУ БОЛОРУМА ИШЕНЕМ”

Экинчи маектешим эми эле нике шакегин кийип, колукту атала турган Айжамал болду. Ал да корей жигитке турмушка чыгып, жакында мекени менен кош айтышканы турат.

– Мен аптанын этегинде Сеулга учканга даярдык көрүп жаткан кезим. Албетте, ар кандай карама-каршылыктар чыкты. “Кыргыз калбай калыптырбы?” деген сөздөр да көп айтылды. Жолдошум Му Хён менен баш калаабыздагы тааныштыруу агенттиктеринин биринен интернет аркылуу таанышкам. Эки айдай интернет аркылуу баарлашып, сүйлөшүп жүрдүк. Анан Му Хён баш кошууну сунуштады. Ал 36 жашта. Май айларында үйлөндүк. Ал Кыргызстанга Сеулдан учуп келип, тууган-туушкандарга чакан үлпөт той өткөрдүк. Үч күн шаарда бирге болуп, мейманканада жашадык. Ата-энеме биздин салт менен бир жарым миң доллар калың төлөдү.
Анан кайра Сеулга учуп кетти. Эми мен артынан кеткени турам. Үч айдан бери корей тилин үйрөнүү менен алектенип жүрдүм. Баары эле “сени кулчулукка алып кетип жатат” дешет, бирок ал жакка баргандардын баары эле кул болуп кеткен жок да. Бактылуу жашап жаткан кыргыз кыздар деле бар. Мисалы, менин бир тааныш кызым Кореяда 1 жылдан бери жашайт. Күйөөсү корей, эч нерседен кем кылбайт. “Кыйналып жатам” дегенин уга элекмин. Му Хён 36 жашта болгону менен, аябай жаш көрүнөт. Билбейм, бири-бирибиздин тилибизди такыр билбесек да, түшүнүшүп жаттык. “Кореяда эч кандай никеге турбаган” деген кагаздын негизинде бул жакта ЗАГСка турдук. Жолдошум ата-энем, туугандарыма деле жакты. Тил үйрөнүп, азыр чала-була сүйлөшүп да калдык. Телефон чалып, интернеттен жазышып турабыз. Эми ар кандай окуяларды угуп, коркуп деле жатам. Бирок бактылуу болом деген үмүтүм зор.

“ЖОМОКТУ ЭЛЕСТЕТКЕМ...”

Кезектеги каарманыбыздын жолу болбоптур. Жомокту элестетип барган Айперинин айтымында, ал күткөн жомокту шаар чекесинде жайгашкан кичинекей кепе менен жалаң гана улгайгандардын айылы бузуптур.

– Кореяга турмушка чыкканыма бир жылдын жүзү болгон жок. Мен бул жакка шашылып келип алган экем. Бардык кыздардай эле никелешүү агенттиги аркылуу келгем. Күйөөм сүрөтүмдү көрүп эле “сүйүп калдым” деген. Мен “көнүп кетем, эл көрөм, жер көрөм” деп ата-энемдин каршылыгына карабастан келгем. Таң калганым, мен барган жерде жаштардын дээрлик жоктугу. Айылдын чекесинде, кичинекей үйдө жашап калдык. Күйөөм ар кайсы жерде жакшы иш чыкса кыдырып иштей берет. Үйдө жалгыз отурам, эртең менен кетет, кечинде келет. Мага ушунчалык оор болду. Анын үстүнө бул жактын маданияты такыр башка. Мисалы, улуу адамдардын көзүнчө күлгөнгө же катуу сүйлөгөнгө болбойт. Көздөрүнө тике караганга болбойт, корейлер муну моралдык же психологиялык жактан басым жасап жатат дегендей кабыл алышат. Сейилдөөчү жайларга да жалгыз чыгууга болбойт. Бул бир эле жагы, дагы көп нерсе бар, бирок анын баарын айтып отурсам, буларды жамандагандай болуп калат. Акыры жашай албай койдум. Ажырашып, мекениме келе бердим.

ШАШКАН ШАЙТАНДЫН ИШИ
Албетте, ар бир жаран чет мамлекетке кетүүгө, өзү тандаган адам менен турмуш курууга укуктуу. Бирок ар кандай жагдайлар бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Жеке менчик фирма менен чет жакка чыгууну көздөп жатсаңыз, ал фирманын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн, ишке тартуу, үй-бүлө курууга жардам берүүгө укугу бар же жок экендигин тактоо керек. Эгерде ишке орношуу максатында болсо, ал фирма менен эки жактуу эмгек келишимин түзүү зарыл. Бул сиздин коопсуздугуңуз үчүн өтө керек. Ал эми турмушка чыгып жатсаңыз, аталган жагдайларды алдын ала кылдаттык менен текшериңиз. Эгерде мүмкүн болсо, турмушка чыгуу келишимин түзүүгө аракеттениңиз. Себеби мындай шартта сиз өз укугуңузду коргой аласыз. Эгерде тил билбесеңиз, котормочу жалдаңыз. Мындан соң гана кол коюуга болот. Бул келишимдердин көчүрмөлөрүн жакын туугандарыңызга таштоону унутпаңыз.

Юристтин кеўеши:

Назаркул Бопоев:

1) Кыргыздын кыздарына чет мамлекеттик жарандарына турмушка чыгардан мурун болочок кїйєєлєрїн кылдаттык менен изилдеп чыгуулары абзел. Ал їчїн анын документтерин корей тилинен орусча, кыргызча которуш керек, Кореянын кайсы жеринде жашаганын, иштеген иши, їй бїлєлїк жагдайы, менчиги жана башка шарттарын билиш керек. Интернет аркылуу таанышып жатса- жогору кєрсєтїлгєн маалыматтарды сураш керек.

2) Турмушка чыгуудан алдын ала сєзсїз тїрдє келишимин тїзїлїї керек. Келишимде болочок кїйєєнїн милдеттери, колуктунун талаптары толук жазылганы оў. Эгерде кийин кыйчалыш иш башына тїшсє бул келишимдин негизинде сотко кайрылууга мїмкїнчїлїк болот.

3) Эгерде турмушка никелешїї агенттиги аркылуу таанышкан болсоўуз, агенттиктин Юстиция Министрлигинде катталгандыгын билїї абзел. Агенттик менен турмушка чыккан жаткан кыздын ортосунда келишим тїзїлїшї керек. Эгерде кыз алданууга туш келсе, ал агенттикти сотко берїїгє мїмкїнчїлїгї болот.

Чет жакта кордоого, же алданууга туш болгон кыздар Кореядагы кыргыз элчилигине кайрылганы туура.

Корей Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги: Сеул шаары, Pyonchang-dong-Jongro-gu кєчєсї № 571-32 #422

код:00-82-2, тел: 379-09-51, факс: 379-09-53

e-mail: kgconsulate@mail.ru

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(111)
15.08.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koreilerdi suluu ele dewet,men buga kowulbaim!Alardyn suluusu oto suluu,al emi keipi suuktary jaman korkumuwtuu boluwat go,a kartaigandachy molchu,sozsuz ele turmuwka chygyp el m.n jer koruw kerekpi bez etogo toj mojna,to est iwtep kelse bolot.a turmuwka chykkany karwymyn.a filmderi turaluu aita turgan bolsom tyuyu saluunun keregi jok,ar kim kino korgondon kiyin jakwy sapatyn alyp,jamanyn yrgytyp jiberuusu k.k.
15.08.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул теманы биздин журналистер телевизордон чыгарып корсотсо жакшы болот, анткени биздин кыргыз кыздарыбыз билишпейт чет олкодо кандай жашоо экенин, бул маселе телевизордон чыкса-ойлонуп калышатко. Кыргыз кыздар ойлонгула! Кайерге кетип баратасынар! Мусульмансынарго! Же крестьян болгунар келеби? Уят!
15.08.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sulaimanov, tuura aitasyn dosum kyzdarda namys kalbai baratat
15.08.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul kyzdardyn ata-enesida akcha dese kyzyn sata turgandardan okwoyt ee?andan koro kyzdy kyrgyzga ele berse bolboibu?kyrgyz jigitterini baroyuna wek keltirbey
15.08.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktulyy bplgondoryda bar andai bolbogondoryda bar al emi mandaiuna jazulganu boltta tyya aitat Aiperi byl jakta kyltyrasu oto kuiun birok jakwu jaktaru dele kop kan4aluk jakwu jagu bolso owon4olyk jaman jaguda bolotta
15.08.2011. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tim koigulada, owentip kyzdar elenet, alysty korobilbegen jenil oiluu kyzdar koreisterge tiyip keteberiwsin, zato KGda normalnyi kyzdar kalat)))
17.08.2011. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zemon, bul oi jakti))
15.08.2011. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка улутка турмушка чыккан кыз уже кыргыз деп эсептелинбейт!!!Саткындар алар!!!
15.08.2011. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akuli4ka, Satkındar dep jerdı satıp eldı durbolonggo salıp kachıp ketken bızdın erkektedı aıtsak kanday bolot...
15.08.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit, санап корчу канчасын санайт экенсин
15.08.2011. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге кыргызстандагы корей кыздар барбай кыргыз кыздар барышат алар деле кулсо керек олтуруп алышып мееси жоктор деп
15.08.2011. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Именно Кореяга эмес Кытайларга тийген кыргыз кыздар да коп. Кытайлар соода кылып журуп эле колунда иштеген реализатор кыздарга уйлонот. Паспорт алуу максатында (фиктивный брак) вот и жашап атат жыргаап. Ойлонгула и ойгонгула!!!!!!
15.08.2011. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жомок жомок деп азыр жашообуздун озу жомок алар эмне башкача адамбы экен мен дагы иштешкем кареестер м.н биздей эле озу чынын айтса биздин кыздардын башы иштебейт неге дегенде чын журоктон колун сурасан курс болушат айтатко мышык сары майга жете албай сасык экен дептир кыздарыбызда ошол мышыка окшоп калган окшойт э.
15.08.2011. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий ушул агентсвого барган кыздарды эч тушунбойм да , женил жашоону издеп барышабы проблемадан кутулам деп андан да коп проблемага туш болушат , кыргыз кыздары корейлерге тийишине мен каршымын , эми бактылуу болуп кеткендери бар бирок алар аз, кобунчосу мекенинди сагынып куса болуп ажырашып келгендер да кездешет , озундун мекенинде озундун тилинде , кыргыз жигит менен жашаганга эмне жетсин.
15.08.2011. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jash kyzdarga jalko.makul ele chon eje bolso turmushu bolboi anan kelip koreeske tyise azyr japjash okuunu butkon kyz 40 jashtagy koreesstin ayaly bolup oturat.Ubagynda kozun mai basyp ech nerseni oilonboi tyiyp alyp anan okunushot.
15.08.2011. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uffff... kirGizdin jiGitterine ne jetsin deçı bırok kızdar 5 esege kop bolso, je bizdin baykuş erKeKter 2-3 katin emes bir katinin baga albasa,ar kim turmuş kuruunun oz jolun izdeit da...kizdardin abalyn tuşunboy ele asmandan tüşkönsup ar nerseni suyloy berebiz...Eşegine jaraşa tuşagı bolup erkektreribiz soop çala dep tabalap olturuşat...
15.08.2011. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убакыттын отушу менен каныкей же курманжан Датка
жонундо кыргыз кыздарын мактап кино тартып калсак кыргыз кыздарынын денгеелин корейлер кытайлар турктор араптар билип калыштыго эми кайсыл жол менен силерди мактайбыз кантип силер менен мактанабыз?
15.08.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirgizstanda ayaldardin ukugu tap takir korgolboit teskerisinçe kordolot...Çet jerde kor bolup uy bulosun bagam dep korbogondu korbogon ayaldar jönündö eç kım suylogusu kelbeıt a erlerı bolso ıçıp çıçıp başka katındar menen jırgap juruşot...
15.08.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit, сен отто кыйн турмушта чонойгонсунго же кедей уйбулонун кызы болсон керек же манас университетинен буткон окшойсун сен кыргыздын жакшы жактарын айткында ойлогунда келбейт кечирип кой
16.08.2011. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lider-kg, Kaysyll uy-bulodo chonoyso da al ozunun ishi, kaysil jogorku okuu jaydy buturso da ozunun ishi, sen emne, chirigen baysinbi? Bizde kobuncho orto je kolunda joktor kop, birok cosmopolit tuura aytip jatat.
18.08.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lider-kG,sen çon janylyşasın... men kanday uy bulonun kızı KAYSY jakta okudum aga senın eç kanday ışın bolbosun...Men kırgızdın jakşy JaktarYn başka eldın arasında ar dayım danazalap jurom...al emı özübüzdun arabızda kemçılıkterıbızdı jaman jaktarybyzdy, men küygönümön aytıp jatsam kerek...
16.08.2011. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам (кыздар да балдар да) оздоруно оздору бакыт сураш керек кайсыл жерде болбосун. Бироо чет олкодо бактылуу болсо,бироо боло албайт. Бироо бироого окшой албайт.Кореянын эмнесин жакшы корушот,билбейм.
16.08.2011. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar kim oozum bar dep,ottoi berbegilechi pliiz.
16.08.2011. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashoo turmush emene kana jolgo alyp barbait.... alar dele ak jol, ken jashoonu elestetipketip atyshat da....
16.08.2011. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Кыргыз кыздар унутпагыла силер мусульмансынар,заман да кыйын болсо да ойлонгула кайэрге баратасынар! Ким менин создорумо каршы чыкса ошол акмак! Кыргыз деп эсептелинбейт! Ар бир Адам оз озунун жолуга хозяйин деп айтасыныр,ал туура,бирок башка улуутка турмушка чыккан кыздар, силер плохой пример корсотуп жатасынар,билбеген жаш кыздарга, же окунуп жатасынар бы мен Кыргыз болуп родилась деп? Же крестьян болгунар келеби? Кыргыз болсон Кыргыз менен жашагын! Уят кылбай! Заман кыйын болсо чыдагын!
16.08.2011. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinka-class,Sulaimanov мен силерди 100 пайыз колдойм!Эн биринчи НАМЫС болуш керек!МЕН КЫРГЫЗМЫН дегенге окунбогуло,уялбагыла!Бир эле корея эмес,Москвада канча кыргыз журот НАМЫСын тебелетип...
16.08.2011. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moskvadagy kyrgyz kyzdaryn dagy jazgyla4y, surany4! Sasygan Tajik Azerlerdin koinunda jurgondorun. Degi ele kyrgyz kyzdardyn namysy davno ka4yp ketten.
16.08.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zikonostra, Мен жеке Кореядагы болуп жаткан окуяларды жаздым,Ким Москвада иштеп кыргыз деген атты ыйык туткандар болсо байланышып ойунарды болушкуло.Жардам берели бири-бирибизге Москвада тургандар супер инфо менен байланышып ойунуздарды айтсаныздар.Кыргыз деген ыйык аттын намысын коргойлу.
18.08.2011. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zikonostra, Moskadagy katın balasın taştap koyup Alfons bolup jürgön erkekter jönundo dagy jazyp koyuşsuncu...
16.08.2011. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кыргыз кыздар силерге эркектер куйуп жатат ошону сезсенер озбеке деле турмушка чыкыла уятсыз кыргыздын канын бузган кыздар
16.08.2011. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул менин жеке оюум: Биз кыргыз жигиттер озубуз катуу тарбияласак болот кыздарды, (мисалы кавказ улутундагыларды карасанар, кыздары тимеле коркуп турушат ) биз ушинтип тарбияга сала албайбызбы? Колдон келсе былчылдатып сабап ташташ керек, ошондо гана ойгонот жана ойлонот!Бул менин жеке оюум: Биз кыргыз жигиттер озубуз катуу тарбияласак болот кыздарды, (мисалы кавказ улутундагыларды карасанар, кыздары тимеле коркуп турушат ) биз ушинтип тарбияга сала албайбызбы? Колдон келсе былчылдатып сабап таш
17.08.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
masr88aza, sen kyrgyz kyzdardy bylchyldatyp sabay bersen baary kachyp ketpeybi koreylerge? Andan koro jakshy mamile kylsan kim ele bashkalarga ketsin?
18.08.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
masr88aza, bylçyldatıp sabagan akyly taykı adamdın ışı go...bylçyldatıp sabaım ogo beşbeter aşmaltay kılıp salasın...psıhologalyk moraldık jol menen tarbılalaş kerek...a bızdın el psıhologıalyk jaktan aksap kelet...
27.08.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
masr88aza, Сенин кызынды кийин куйосу былчылдатып сабаса экен, анан коросун кандай болот экенин...Акылсыз, ушинтип ла жазасынбы. Сага тийген кыздын шору катат гоо!!
16.08.2011. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz kyzdary koreilerge turmushka chykkandy jomoktogudai sezip,kinodoi elestetip oshondoi jashaibyz deisiner oiunarda adashasynar.Emnege ozdorunon alabait 40-50 chyksa da uilono albait.Kelgenden kiyin kech bolot aita turgan sozum birinchi biz menen kabarlashkyla koreada kyrgyz jigitteri kop osholordon turmushka chykkan kyzdar kandai jashoosun surap degendei.Kyrgyzstandagy agenttikti orttop salysh kerek.
16.08.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korega turmushka chykan kyzdar kor ele bolot. 1%ti gana jakshysyna tush bolot.bul jaka kelgende ozunu ozun gana bagasyn.kareister akchany birinchi orunga koiot. ayaldy akyrky orunga koiot. men azyr koreada jashaiym,bul jaka agenstvo menen tiyip kelgen kyzdardyn bary okunushot.kimde kim tiygisi kelse birinchi kelip ishtep arky berkini koryp anan suiloshup jurup anan turmushka chykkyla. 1 som berbeit bular.
16.08.2011. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алардын жашоосу бизден хуже дагы баргыла баш иштебесе бутка зыян айжамал деген кыз тил билбесе эмне тийп кете бериш керекби дагы уй булоосу калын тологонуно олосун башшы жоктор
16.08.2011. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albina kachantan beri sen Aiperi bolup kalgansyn?
16.08.2011. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mars88aza вообще сен кимсин кыргыз кыздарын былчылдатып сабагандай? сендейлерге тийгичекти кореецтерге тийген жакшы!
16.08.2011. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде бир момент эске алынбай жатат- бизде кыздар кыргыз балдарга тийеин десе дагы, эркек балдар аз бизде,ошол учун азыр балдар кыздардын артынан чуркабай эле, кыздар балдардын артынан чуркап журушот,анткени конкуренция жогору,а кытай, кореяда, австралияда эркектер коп.ал жакта кыздар капризный болушат.анан биздин кыздар может айласыздан деле кетип жатышат. ким билет
17.08.2011. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bul jerde jazilgandin but baryn okup chiktim. bul temani kopton beri kutkom super-infodon. munu okup turup ketkender bolso kete bersin, birok bilbey turup ketip kalishsa ayabai okunmokmun.
17.08.2011. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээххх Кыргызстаныма эмне жетсин.

Кыргызстаным деп журогу соккон кыргыз кыздарына эмне жетсин.
29.08.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suiorbek, сага кошулам! Ушундай жаман макалаларды угуп алып журогум ооруйт! ачтан олсон да кыргызга келин болушка эмне жетсин эже-карындаштарым менин.....
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: