Бир бүркүм... ЧЫҢГЫЗДЫН «ЖАШАГЫСЫ КЕЛЕТ»...
№458 12-18-август, 2011-жыл
- Ырчы Омар Ысык-Көл өрөөнүн кыдырып концерт берип жүргөн кези.
- Айжан Газиева күнгө кактанып көл жээгинде эс алууда.
- Добр “Кел, бийле” деген ырына жаңы клип тарттырам деп бийчилер менен тер агыза бийлеп, чарчап жүргөн убагы.
- Жаңы чыгып келе жаткан ырчы Арстан Абдылдаев Улуттук консерваториянын эстрада факультетинин студенти болду.
- Түштүктү түрө кыдырып концерт берүүдөн тажабаган Гүлжигит Сатибеков Баткенде гастролдо.
- Чыңгыз Мырзаев менен Рустам Сагыналиев “Жашагым келет” деген ыр жаздырып, ага клип тарттырышууда.
- Жубайы кош бойлуу болгондуктан, Эрлан Андашев чыгармачылыктан убактылуу алыстап, келинчегинин кашында отурат.
- Назира Айтбекова түрктөрдүн идиш жуучу суюк самынын мактап жарнамага тартылыптыр. Аталган жарнама КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн телеканалдарынан көрсөтүлөрүн айтты.
- Кенже Дүйшеева өзү түзгөн “Жебе” тобуна жаңы ырларды жаздырып чуркап жүргөн кези.
- Алихан аскер кызматын өтөп келди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0