Бир бүркүм... ТОКТОБҮБҮ КОНЦЕРТ БЕРЕТ...
№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
-
Сентябрь айында Турусбек Жумалиев чыгармачылык кечесин өткөрмөкчү. Ага уулу Дмитрий Жумалиев жаңы ырларын камдоодо.
-
Ырчы Арман биринчи ирет кыргыз тилиндеги ыр даярдап жатат.
-
Малика Дина Чолпон-Ата шаарында өткөн Эл аралык жаштар форумуна конок катары ырдап келди.
-
“Токто жаным” деп ырдаган Данияр Эрматовдун чоң атасынын ысымы Өзгөн районунун Кызыл- Колот айылына коюлду. “Эрмат Кайназаров атындагы айыл аталып калганына кубанып турам. Эми күзүндө той беребиз”,- дейт ырчы.
-
Көптөн бери көрүнбөй кеткен Токтобүбү Черикчиева күзүндө концерт берет. “Карап, карап, кайрадан сени самап” деп ырдаган эжекебизди күйөрмандары күзүндө концерттен күтүп алышса болот.
-
Ырчы, обончу Жамиля Муратова жаш ырчы Элиза Орозовага фортепиано белек кылды.
-
Лира, Анапия, Дилбар Раимбековалар Улуттук филармониянын 75 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан концертке даярданып жүрүшөт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0